Украина орус авиациясынын чабуулуна туш болду

Донецк облусундагы кармаш. Иллюстрациялык сүрөт

Шаршембиге караган түнү Украинанын Харьков, Сумы, Полтава, Донецк жана Николаев облустары орус авиациясынын чабуулуна туш болду.

Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү кабарлады. Акыркы 24 саатта орус аскерлери эки ракеталык жана 76 авиациялык сокку урду.

Днепропетровск облусундагы Никополь районунда артиллериянын актылоосунан бир аял жарадар болду, бир нече көп кабаттуу үйлөр, административдик имараттар менен бир ишкана зыян тартты.

Бул тууралуу облустун администрация башчысы Сергей Лысак билдирди.

Херсон облусуна, анын ичинде калк жашаган райондорго 435 дүрмөт атылганын, бир аял жарадар болгонун жергиликтүү бийлик маалымдады.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясы Донецк облусундагы Авдеевка шаарчасына карай жылганын, аскерлер аларга туруштук бергенин, позицияларын сактап калганын 11-октябрда билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Авдеевкадагы окуялар тууралуу маалымат тарата элек.

Украин армиясынын маалыматында, бир суткада майданда 108 кармаш катталды. Бул – акыркы күндөрдөгү орточо көрсөткүчтөн ашат.

Орусиянын Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз каршы тарап Сураж районуна дрондор менен чабуул коюу аракетин көргөнүн, бирок алар атып түшүрүлгөнүн, кыйроолор болбогонун айтты.

Дагы караңыз

"Теңчилик үчүн коалиция" "чет элдик өкүл" мыйзамынын кесепети ар бир жаранга тиерин эскертти Ооганстанда күчү 6,3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталдыЭВФ Кыргызстандын экономикасы быйыл 3,4% өсөт деп болжолдоду