Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

ЭВФ Кыргызстандын экономикасы быйыл 3,4% өсөт деп болжолдоду


Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Вашингтондогу кеңсеси.
Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Вашингтондогу кеңсеси.

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстандын экономикасына байланыштуу болжолун төмөндөтүп, жыл жыйынтыгында 3,4% өсөт деген бүтүм чыгарды. Бул тууралуу мекеменин октябрдагы баяндамасында айтылат.

ЭВФ апрелдеги билдирүүсүндө Кыргызстандын ички дүң өнүмү быйыл 3,5% жогорулайт деген болжол келтирген.

Октябрдын башында Дүйнөлүк банк да өз баяндамасында Кыргызстандын ички дүң өнүмү(ИДӨ) 2023-жылы мурда болжолдонгондой 4% менен эмес, 3,5% өсүш менен чыгат деп божомол жасаган. Финансылык мекеменин адистери мунун себебин айыл чарба түшүмүн жыйноо жана товар өндүрүү жайлаганы менен байланыштырган.

Сентябрдагы баяндамасында Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) да Кыргызстанда алтын өндүрүү азайышына, аба ырайы айыл чарбасына терс таасирин тийгизгенине байланыштуу экономиканын ыргагы жайлап, ИДӨ быйыл соң соңунда 3,8% өсүш менен чыгат деп эсептеди. Бул мекеме мурда 4% өсүштү болжолдогон.

Кыргыз өкмөтү алгач 2023-жылы экономикадагы өсүш 4,9-5% болот деп болжолдоп жаткан. Кийин такталган эсебинде мерчемин 4,5% чейин түшүргөн. Мунун себебин Экономика министрлигиндеги аткаминерлер Кумтөрдөгү алтын өндүрүшү кыскарганы менен түшүндүргөн.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2023-жылы январда ИДӨнүн өсүү темпи 4,8% түзгөн. Көрсөткүч январь-апрелде 4,4%, январь-июлда 3,9%, январь-августта 3,3% болду.

Статкомдун маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДӨсү соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Адистер бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам экономика төмөндөп кеткен учурга салыштырмалуу көп көрүнүп жатканын белгилешет. (ErN)

XS
SM
MD
LG