Австрияда Гитлер төрөлгөн үй полиция башкармалыгы болуп өзгөртүлүүдө

Гитлер төрөлгөн үйдүн сыртынан көрүнүшү

Көп жылдык талаш-тартыштан кийин Австриянын Браунау-на-Инне шаарында Адольф Гитлер туулган үйдү аймактык полиция башкармалыгы кылып өзгөртүү иштери башталды. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Адольф Гитлер туулган үйгө улутчулдар топтолуп, зыярат кылуучу жер кылып алгандыктан, Австриянын Ички иштер министрлиги аны полиция кеңсесине айлантуу чечимин 2019-жылы кабыл алган. Оңдоп-түзөө үчүн Европанын бир топ өлкөлөрүнөн архитекторлор чакырылып, сунуштар каралган.

Адольф Гитлер 1889-жылы Австриянын Германия менен чектешкен жериндеги батирде төрөлгөн. Ал имаратты улутчулдар бийликке келгенде сатып алышкан. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында үй көркөм галерея жана китепкана катары колдонулган. Согуштан кийин мурунку ээсине кайтарылган. Кийинчерээк имаратка банк жайгашып, көп өтпөй мектепке айланган. 1970-жылдары Австрия өкмөтү үйдү сатып алган.

Гитлер 1933-жылы экинчи дүйнөлүк согушту баштап, адамзат тарыхында эбегейсиз кыргын салган.

Дагы караңыз

Жакынкы Чыгыш: Газаны гуманитардык апаат коркунучу тооруду Айдоочуга салынуучу айыппул туумун жокко чыгаруу сунушу талкууланды