Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Айдоочуга салынуучу айыппул туумун жокко чыгаруу сунушу талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айдоочуга салынуучу айыппулдун туумун алып салуу тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 10-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде биринчи окууда талкууланып, колдоого алынды. Салыктык эмес кирешелер кодексине, Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштоодо.

Эгер ал жалпы парламентте колдоо таап, кабыл алынса, айыппулдун тууму жокко чыгарылат:

“Буга чейинки төлөнбөгөн жана мындан кийинки дагы туумдар болбойт. Айыппул өзү калат. Эгер жол эрежеси бузулса биздин кызматкерлер кармап, протокол түзүшөт же аппараттык-программалык комплекс фиксация кылса, ал боюнча да айыппул төлөнөт. 30 күн ичинде төлөсөңөр 70% жеңилдик берилет, андан ары 100% төлөйсүңөр. Туум болбойт, бирок айыппул төлөнөт”, - деди Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов.

Исраилов депутаттарга маалымат берип жатып туум башталгандан кийин айдоочуга эскертип жалпысынан 9 жолу токтом чыгарып, почта менен ар бирин 65 сом төлөп, кат түрүндө жөнөтүп жатышканын кошумчалады:

“Андан тышкары кызматкерлердин иштегени, картридж жана кагаз коройт. Быйылкы жылга мындай муктаждыктарыбызга 1 миллион 122 миң сом бөлүнгөн, бул чыгымдарыбыздын 1% гана жабууда. Ошондуктан туумду алып салалы деп жатабыз, себеби аны төлөтөбүз деп ушунча акча коротушубуз керек болууда”.

ИИМдин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери азыркы күнгө чейин айдоочуларга салынган айыппулдун 74,4% төлөндү. Анын 85,5% жеңилдик менен, 12% толук бойдон, ал эми 2,3% туум менен түштү.

Айыппул салынгандан кийин 30 күн ичинде төлөнсө айдоочуга 70% жеңилдик берилет. Андан кийин айыппулдун өзүн 100% жана туумун күнүнө 1% өлчөмүндө кошо төлөш керек болот.

Сунушталган мыйзам долбоору парламентте үч окуудан өтүп, президент кол койгондо гана күчүнө кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG