Якутиялык активист Казакстанда Орусиянын өтүнүчү менен кармалды

Айхал Аммосов нааразылык акцияларынын биринде.

Айхал Аммосов нааразылык акцияларынын биринде.

Алматы полициясы якутиялык активист Айхал Аммосовду Орусиянын өтүнүчү менен кармады. Аны экстрадициялоо маселеси чечилип жатканын Orda.kz Телеграм-каналы Алматы полиция департаментине таянып жазды.

Музыкант жана жарандык активист Аммосов 9-октябрда Казакстанда уурдалганын якуттардын “Каршылык” кыймылы маалымдаган. Аны жарандык кийимчен кишилер автоунаага зордоп салып кеткени айтылган.

Айхал Аммосов Орусияга караштуу Якутия жумуриятынын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн активисттердин бири. Ал Москванын Украинага кол салганын сындап чыккан.

Бир нече жолку нааразылык акцияларынан кийин ал "армияны дискредитациялады" деген кине менен айып пул төлөөгө милдеттендирилген. 2022-август айындагы каршылык акциясынан кийин ага кылмыш иши козголуп, Аммосов Казакстанга чыгып кеткен. Жакын арада Европа мамлекеттеринин бирине кетүүнү көздөп жүргөнүн жакындары айтууда.

Казакстандын Ички иштер министрлиги былтыр сентябрда тараткан билдирүүсүндө мекенинде кылмыш иши козголгон орусиялыктарды Москвага кайтарып берерин эскерткен.

Дагы караңыз

Кытайдын Кыргызстандагы элчисине "Достук" ордени ыйгарылдыИзраил Газа тилкеси менен чек арада көзөмөлдү калыбына келтирдиӨзбекстанда абактагы блогер Абдукодир Муминов жаза камерасына киргизилди