Өзбекстанда бөгөт коюлган TikTok салык төлөөчү катары катталды

Өзбекстандын Салык комитети сингапурдук TikTok PTE LTD компаниясын кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү катары каттады.

Расмий маалыматта 5-октябрдан тарта бул компания 12% КНС төлөй турганы айтылат.

TikTok социалдык түйүнү Өзбекстанда 2021-жылдын июль айында бөгөттөлгөн. Буга аталган түйүндүн Өзбекстандын “Жеке маалыматтар жөнүндө” мыйзамдарын бузганы себеп болгон.

Аны менен бирге Twitter, ВКонтакте жана WeChat да Купуялык мыйзамын бузгандардын тизмесине кирген. Аталган үч түйүн 2022-жылдын августунда тизмеден чыгарылган, бирок TikTok калган.

Демократияга, саясий эркиндиктерге жана адам укуктарына көз салган эл аралык Freedom House уюму 2023-жылдагы баяндамасында Өзбекстанды интернет эркин эмес өлкөлөрдүн тизмесинде калтырган.

Уюмдун корутундусуна ылайык, президент Мирзиёевдин айрым реформаларына карабай Өзбекстан авторитардык мамлекет бойдон калууда.

Дагы караңыз

Ногойбаеванын ишин караган судьялар иштин создуккан себебин айтыштыМосква, Ташкент, Астана: "Газ биримдиги" саясий куралбы?Нанды кымбат саткандар айыпка жыгылат