Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Баткенде жергиликтүү эл менен жолугушту. Анда балдарына жөлөк пул ала албаганына даттанган энелер көп болгон. Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, алардын басымдуу бөлүгү - мигранттардын жубайлары жана энелери. Алар миграцияга кеткен үй-бүлө мүчөсү болгону үчүн балдарына мамлекеттен жөлөк пул берилбегенине нааразылыгын айтып, балдардын жөлөк пул алуу укугу бузулуп жатканын белгилешкен.
Жолугушууда ошондой эле Тажикстандан Кыргызстанга качууга мажбур болушкан этностук кыргыздар да арызданган. Тажикстандагы бийлик алардын жарандыгыын тастыктап бербегендиктен, кыргыз паспортун ала албай жүрүшкөнүн, бардык тиешелүү документтери болсо да, Тажикстандагы үйлөрүн сата албай жатканын айтышкан.
"Акыйкатчы эл аралык укуктарга, ошондой эле мандатына ылайык, этностук кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык чараларды кабыл аларын белгиледи", - деп жазылган маалыматта.
Жамиля Жаманбаева чек ара жаңжалында катуу жабыркаган Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына да барды. Ак-Сайда мугалимдер менен жолугушту. Бул айылда мектептин курулушу аягына чыга элек, окуучулар үч имаратта: бала бакчада, ФАПта жана маданият үйүнүн имаратында окууга аргасыз. Жолугушууда мугалимдер акыйкатчыга укуктук кеп-кеңеш сурап кайрылышты, көпчүлүгү мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай сатып алуу маселесин козгошту.
Кыргызстандын Баткен облусу борбордон эң алыс жайгашкан жана чек ара чырлары көп катталган аймак. Ошондой эле облуста миграцияга кеткендер көп. Ал Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет.
Былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болуп, эки тараптан 100дөй киши каза таап, бири бирин “агрессияга” айыптаган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Кыргызстан талкаланган тургундарынын үйлөрүн калыбына келтирип берди. (ZKo)
Дагы караңыз
Израил бийлиги ХАМАС кирип барган шаарларга көзөмөл орнотконун билдирдиТИМ: Орус-казак чек арасында калган жарандар Кыргызстанга жеткирилетОоганстанда зилзаладан улам миңдеген киши үй-жайсыз калдыТурсунтай Салимовдун бөгөт чарасы бүгүн каралат Өтөлгөлүү өмүр кечирген Султан Жумагулов