Орусияда адвокат Илья Новиковго кылмыш иши козголду

Адвокат Илья Новиков. 9-июнь, 2021-жыл. Москва.

Орусияда адвокат Илья Новиков мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) таянып жазды.

Тергөөнүн версиясына караганда, Новиков "атайын аскердик операция" (Орусия Украинадагы өзү баштаган согушту ушинтип атайт) башталганда өз ыктыяры менен Орусиядан чыгып кетип, Украинадагы Аймактык коргонуу күчтөрүнө кошулуп, ушул күнгө чейин алардын катарында жүрөт.

"Что? Где? Когда?" берүүсүнүн мурдагы оюнчусу, юрист Илья Новиков Орусияда туулган. 2021-жылдан бери Украинада жашайт, украин паспортун алган.

Быйыл жайында Москванын Адвокаттык палатасы аны жактоочу макамынан ажыраткан.

2022-жылдын ноябрь айында Орусиянын Юстиция министрлиги Новиковду «чет элдик агенттердин» тизмесине киргизген. Ал эми декабрь айында орус бийлиги ага издөө жарыялаган.

Новиков режиссер Олег Сенцов, Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко жана башкаларга адвокат болгон.

Дагы караңыз

Ооганстанда зилзаладан набыт болгондор 2400гө жеттиТашиев криминалга каражат берген ишкерлер жоопко тартыларын эскерттиКиев Донецкиде "жарым-жартылай ийгиликке жетишкенин" билдирди