Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Ташиев криминалга каражат берген ишкерлер жоопко тартыларын эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ишкерлер же инвесторлор криминалдын өкүлдөрүнө акча бергени аныкталса, алар өзүлөрү да жоопко тартыларын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев эскертти. 9-октябрда ал социалдык түйүндөр аркылуу кайрылуу жарыялап, ишкерлерди криминал чөйрөгө каражат берүүнү токтотууга чакырды.

Атайын кызматтын төрагасы бизнесмендерге, чет өлкөлүк инвесторлорго, ресторандардын, базарлардын ээлерине, соодагерлерге кайрылып, “Кимде-ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар”, - деп айтты.

Ташиев “криминалдар буга чейин көптөгөн бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөнү, бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алгандары аныкталып жатканын” маалымдап, буга чейин жабыркагандар болсо УКМКга кайрылууга үндөдү.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG