"Азаттык": 29-сентябрда Борбор Азиянын лидерлер тобу жана Германиянын канцлери, президенти менен биринчи жолу чогуу бир үстөлгө отурду. Берлиндеги саммит эмне үчүн азыр уюштурулду жана анда эмнеге көңүл бурулду?
Өмүрбек Текебаев: Дүйнөлүк тартип өзгөрүп жатат. Анын өзгөрүү зарылдыгы көптөн бери бышып жетилген. Бирок орус-украин согушунун башталышы дүйнөлүк процесстердин катализатору болду. Бул жаңжалдан дүйнө өлкөлөрү бир чоң сабак алышты. Ал «бир өлкө бир эле өлкөдөн көз каранды болбош керек экен» деген сабак. «Соода-экономикалык, саясий байланыштарды бөлүштүрүп, диверсификациялаш керек экен, антпесең зарыл учурда бир өлкөдөн көз каранды болуп калат экенсиң» деген тыянакка келишти.
Ошондон улам Германиянын президенти Кыргызстанга келип кетти. Өзбекстандын президенти май айында Берлинге келген. Ошондо Штайнмайердин айткан сөзү бар. Ал: «Силер саясий диверсификация кылышыңар керек. Бир эле улуу, күчтүү, чоң, мүнөзү катаал коңшулардын эле көзүн карабастан, башка досторду да издегиле. Андай достор Европада бар. Ал бизбиз», - деп ачык эле айтышкан.
Бирок диверсификация бизге эле эмес, Германиянын өзүнө да керек. Алар дагы биринчи кезекте ресурстар жагынан бир же бир нече өлкөдөн көз каранды болбостон, дүйнөдөгү көп өлкөлөр менен кызматташсак деп аракет кылып отурушат. Ошентип, «көп вектордуу саясат - көз каранды эместиктиктин негизи» деген формула келип чыкты.
Мен эми Кыргызстан жөнүндө айтам. Борбор Азияда Европа Биримдигинин, ошонун ичинен биринчи кезекте Германиянын таасирин күчөшүнө кызыкдарбыз. Бул биздин улуттук кызыкчылыгыбызга жооп берет. Бизде канчалык олуттуу оюнчулар, экономикалык, саясий кадыр-баркы бар уюмдар жана мамлекеттер көп болсо, ошончолук тышкы факторлордун тең салмак абалы түзүлөт. Биз бир же бир нече мамлекеттер эмес, көп мамлекет менен кызматташып, өзүбүздүн саясий эркиндигибизди, соода-экономикалык эркиндигибизди бекемдейбиз.
"Азаттык": Сиз бир нече же бир эле мамлекеттен көз каранды болбош керек деген ойду айттыңыз. Кайсы мамлекетти айтып жатасыз? Бул Орусиябы? Кытайбы?
Өмүрбек Текебаев: Президент Штайнмайер менен жолукканда дагы Орто Азиянын президенттери баса белгилешти. Мен да өзүмдүн атымдан баса белгилегим келет. Орто Азия мамлекеттеринин тигил же бул мамлекеттер менен түзгөн мамилеси эч кимге каршы багытталган эмес. Ошонун ичинен, биринчи кезекте, Орусияга каршы багытталган эмес, Кытайга каршы багытталган эмес. Орусия - биздин табигый жана тарыхый өнөктөшүбүз. Кытай - биздин табигый өнөктөшүбүз, экономикасы өнүккөн, улуу, күчтүү коңшубуз.
Башка региондор менен, башка мамлекеттер менен биздин кызматташуубуз ал мамлекеттерге каршы багытталган эмес. Бирок биз бүгүн экономика жаатында ушул Кытай, Орусия менен иштешебиз. Соода-сатыгыбыздын көбү ошо эки өлкө менен жүрөт.
Бирок бүгүнкү реалдуулук ушундай, бир же эки өлкөнүн, алар тууганың болсо дагы, жакын тууганың болсо дагы, көзүн карабашың керек экен. Бири экинчисин алмаштыра турган мамилелер болушу керек. Бирөө менен бүгүн алака болбой калса, ошондон алып атканыңды же ошол жакка сатып аткан товарыңды башка жакка бура алгандай болушуң керек экен. Мына Орто Азия мамлекеттери эл аралык мамилелерде бир субъект катары таанылып атат. Эл аралык коомчулук Орто Азияны бириккиле деп чакырып атат. Орто Азия мамлекеттери өзү деле тарыхы бир экенин, географиясы бир экенин, коңшу экендигин, жалпы кызыкчылыктары бар экенин билип, интеграциялык процесстерди баштап, өнүктүрүп жатат.
"Азаттык": Бул саммит Орусиянын Украинадагы согушу уланып жаткан маалда өттү. Кызыгы, саммиттен кийинки биргелешкен билдирүүдө Украина тууралуу да, Орусия тууралуу да сөз болгон жок. Ошол эле кезде бул билдирүүдө аймактагы өлкөлөрдүн эгемендиги, санкцияларды кыйгап өтүү аракеттерин алдын алуу маселеси камтылган экен. Деги эле ушул Украинадагы уруш канчалык Берлиндеги саммиттин негизин түздү?
Өмүрбек Текебаев: Биринчиден, орус-украин конфликтиси, мен айткандай, дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн катализатору болду. Ошондон улам ушундай чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Германия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу өзүнүн саясий мүдөөсүн ачык айтып отурат. Менимче, бул саммитти чакыруу менен Германия дүйнөлүк лидерлердин бири, дүйнөлүк саясий борборлордун бири экендигин жарыялап, өзүнүн чоң саясий амбициясы бар экенин билдирди.
Эми азыр айтып койсок боло берсе керек. Бул саммитти Германия февраль айында эле чакырганга аракет кылган. Орто Азия мамлекеттеринин бардык президенттери келе албагандыгына байланыштуу сентябрь айында өтүп отурат. Анын ортосунда «Борбор Азия - Кытай», «Борбор Азия - АКШ» деген саммиттер өттү. Бул процесстердин башында Германия турмак эле.
Франция дагы Европанын лидерлеринин биримин деп, Германия менен тизгин талашып келатат. Бирок ал Африкадагы өзүнүн мурунку колонияларындагы төңкөрүштөрдөн кийин бир аз шайы ооп калгандыктанбы, бул багытта аракет кыла албады. Бирок жакынкы күндөрү өзүнө келгенден кийин «Орто Азия – Франция» деп саммит чакырып калса, таң калбашыбыз керек. Орто Азиянын геосаясаттагы салмагы, мааниси өсүп атат. Ошонун ичинен, албетте, Кыргызстандын да мааниси өсүп атат. Бул геосаясий кырдаалдан өзүбүзгө максимум дивиденд алышыбыз керек.
"Азаттык": Алдыдагы суроомду кайталап кетейин. Германия соңку бир жыл ичинде Борбор Азияны мындай саммитке чакырган алтынчы геосаясий оюнчу болуп жатпайбы. Өзүңүз айтып өткөндөй, андан 10 күн мурда эле Борбор Азия президенттери Нью-Йоркто АКШ президенти Жо Байден менен жолугушкан. Араб өлкөлөрү, Кытай, Орусия менен дагы ушундай жолушуулар өткөн. Ушул жолугушуулар, сиз жана айтып өткөндөй, дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн катализатору саналган Украинадагы согуштун тушунда өтүп атпайбы. Ошондо бул саммитте Украина маселеси талкууландыбы?
Өмүрбек Текебаев: Мындан бир жарым жыл мурун мен Германияга жаңы келгенде маселени Европа кабыргасынан коёт эле. Европа эле эмес, жалпы эле Батыш өлкөлөрү кабыргасынан коёт эле. Радикал көз караштуу эле. «Сен биз мененсиң же душмансың» дегендей мамиле болгон. Азыр Европа, ошонун ичинен Германия реалист болуп баратат. Орто Азиянын тарыхы, бүгүнкү кырдаалы да өзгөчө экенин билип, Кытай, Орусия менен биздин тыгыз байланышыбызды таанып, мен жана айткандай, "тарыхый да, табигый да", экинчиси негизги да өнөктөшүбүз экенин, биздин тандоо мүмкүнчүлүгүбүз чектелгендигин көрүп отурушат. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө да, кийинки биргелешкен билдирүүлөрдө дагы биздин позициябыз эки башка боло турган маселелер чагылдырылган жок.
"Азаттык": Мындай саммиттер утур-утур өтүп жатат, Берлиндеги саммитти эле ала турган болсок, андан конкреттүү бир жыйынтык чыкканын айта алабызбы?
Өмүрбек Текебаев: Президенттердин жолугушуусуна мен катыша алган жокмун. Бирок ал жерде ачык дискуссия болду деп уктум. Анткени Штайнмайер, тажрыйбалуу саясатчы катары, Орто Азиянын президенттерин ачык диалогго, ачык дискуссияга чакыра алыптыр. Ачык талкуу болуптур.
Мына ушул сиз койгон суроолорду Орто Азия президенттери дагы койду дейт. Бул пропагандалык бир маалымат акциясы болбошу керек, «мына Орто Азия Орусиядан кетип атат, башка жактан жөлөк-таяк өнөктөштөрдү издеп атат» деген ойду, сигналды билдирүүчү саясий акция гана болбошу керек, реалдуу соода-экономикалык байланыштарыбыз күчөшү керек, анүчүн Германия тигиндей-мындай иштерди жасашы керек, тигил же бул кызыкчылыктарыбызды моюнга алышы керек деген сыяктуу ачык маселелер коюлду. Биргелешкен декларацияда биз кызматташа ала турган багыттардын баары жарыяланды. Мен да өз кезегимде Орто Азия мамлекеттеринин президенттеринин позициясын кайталап койгум келет. Бул сөз менен эле эмес, иш менен коштолгон мамилелер болушу керек.
"Азаттык": Борбор Азия лидерлеринин позициясы деп атап кеттиңиз. Ошол эле суу маселеси болобу, чек ара маселеси болобу, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн арасында чечилбей жаткан маселелерди эске алганда, Борбор Азия мындай жолугушууларда канчалык бириккен бир күч катары өзүн көрсөтө алат? Канчалык интеграцияланган бир аймак катары өзүн көрсөтүп, өз кызыкчылыгын алдыга сүрөй алат?
Өмүрбек Текебаев: Германия ар дайым Борбор Азиядагы коопсуздук маселелерине көңүл буруп келген. Ар дайым ушу чек ара маселелерин тез жана тынчтык жолу менен, ынтымак жолу менен чечкиле деп чакырат. Анткени, сиз туура айтасыз, интеграциялык процесстерге биринчи кезекте чек аралардын чечилбегени терс таасирин тийгизет.
Экинчиден, интеграция болуш үчүн жалпы кызыкчылыктарды биз таанышыбыз керек. Борбор Азия мамлекеттеринин жалпы кызыкчылыктан башка жеке, улуттук кызыкчылыктары да бар. Алар бири бири менен дал келбейт, кээде, тескерисинче, карама каршы келет. Ошол кандай пропорцияда болушу керек? Улуттук кызыкчылык менен жалпы кызыкчылыкты кандай катышта тандайбыз? Кандай чечебиз? Мына ушулардан көп нерсе көз каранды.
Евробиримдик 50-жылдары көмүр жана болот биримдиги катары түзүлгөн. Ошол чоңоюп отуруп, анан Евробиримдик болду. Орто Азия да, менин оюмча, биринчи суу менен жолдун биримдиги болушу керек. Эң биринчи талаш маселелер ушулар. Ошол маселелерди сүйлөшүп чече алсак, анда Орто Азияда интеграциялык процесстер алдыга жүрөт.
Орто Азиядагы интеграциялык процесстердин бир жаңы этабынын башталышы катары былтыр Чолпон-Атада өткөн саммитти эсептейм. Анткени ошол саммитте биринчи жолу достук жана өнүгүү боюнча келишим сунуш кылынып, кол коюлду. Ага азырынча үч эле мамлекет — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан - гана кол койду. Түркмөнстан менен Тажикстан кол коё элек. Ушундан улам жана башка байкоолорумдан улам мына ушул үч өлкө Орто Азиядагы интеграцияга кызыкдар болуп, анын локомотиви, өзөгү болот экен деп калдым.
"Азаттык": Түркмөнстан узактан бери нейтралитетти карманып келет. Мындай шартта Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн канчалык интеграциялык процесске тартууга мүмкүнчүлүк бар?
Өмүрбек Текебаев: Эми нейтралдуулук деген - тигил же бул саясий блокторго кошулбай, бирок маданий, гуманитардык, соода-экономикалык байланыштарда көп тармактуулукту, көп багыттуулукту билдирген статус. Орто Азия мамлекеттеринин саммити Түркмөнстандын ошондой кызыкчылыгына, ошол статусуна, позициясына каршы келбеген интеграция болот.
- Эксперттер Германия менен Борбор Азияны алакасында экономикалык кызматташтыкка, энергия булактарына, табигый ресурстарга көбүрөөк көңүл буруларын айтып келишет. Бул жагынан Казакстандын мүмкүнчүлүктөрү көп. Мисалы, Берлиндеги саммитте Кытайдан Казакстан аркылуу Европага товар ташууга жол ачкан “Ортоңку коридор” же Транс-Каспий коридору тууралуу сөз болгон экен. Мындай шартта Кыргызстан Германия эле эмес, жалпы Батыш инвестициясын эмнеси менен кызыктыра алат?
Өмүрбек Текебаев: Суу маселесин, жол маселесин чечүү Орто Азиянын интеграциясынын негизин түзөт. Ушул эки фактор тең Кыргызстанда бар, ушундай геосаясий ресурсубуз бар. Орто Азиядагы суунун дээрлик жарымы Кыргызстандан чыгат.
Кытайдан Кыргызстан аркылуу өткөн темир жол курулуп калса, ал дагы диверсификация дегенге жатат. Казакстан менен гана өтпөстөн, ушу Кыргызстан менен өткөн жол дагы экономикалык да, геосаясий да мааниге ээ. Ошондуктан, Кыргызстан рыногу кичинекей болсо деле, Орто Азиянын биримдигин каалаган күчтөр, албетте, Кыргызстандын абалын да эске алышат.
"Азаттык": Кыргыз делегациясынын Берлиндеги жолугушууларында экономикалык кызматташтык, инвестиция маселелери да талкууланды. Германия тарапта, жалпы эле Батыш өлкөлөрүндө Борбор Азиядагы, анын ичинен Кыргызстандагы, мыйзам үстүмдүгүнө, сот адилеттигине көп көңүл бурулат. Ушул багытта кыргыз бийлиги кандай убадаларды бере алат? Мисалы, инвестицияны тартып келүү үчүн сот адилеттигин, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылабыз деп бир так убадаларды бердиби бул жолу?
Өмүрбек Текебаев: Сүйлөшүлгөн сөздөр, макул болгон позициялар, сиз айткан жалпы бирдиктүү декларацияда айтылды. Албетте, сот адилеттиги, мыйзамдын үстөмдүгү Кыргызстанда эле эмес, бардык Борбордук Азия өлкөлөрүндө болушу керек. Ал инвестициянын кепилдигинин шарты болот.
- Мисалы, биз инвесторлорду коргойбуз, сот адилеттигин, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылабыз деген убадалар берилдиби?
Өмүрбек Текебаев: Беш президент Германиянын бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Мурун алар менен биздин өлкөнүн өкүлдөрү өзүнчө жолугуп жүрүшкөн. Бул жолу беш президент келип отурушуп, немис бизнесине бир сигнал берди деп ойлойм. «Биздин кызыкчылыгыбыз бир, жалпы долбоорлорубуз бар, биздин ар бир өлкөбүзгө келип инвестиция кылсаңар, ал корголот жана таанылат, жалпы рыногубуз бар» деген сигнал болду деп ойлойм. Бул инвестициялык шарттын жакшырышына өбөлгө түзөт.
"Азаттык": Адам укуктары, сөз эркиндиги, мыйзам үстөмдүгү боюнча Борбор Азия менен Германиянын көрсөткүчтөрүн салыштырып болбойт. Кыргызстан узактан бери чөлкөмдөгү эркинирээк өлкө деп саналганы менен, соңку мезгилде «Фейсбуктагы» посттор үчүн айыпталгандар болуп жатат. «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалгандар сот жабык өтүп жатканына нааразылыгын билдирип келишет. Бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген мыйзам долбоору парламент комитетинде колдоо таап жатат. «Клооп» сыяктуу медиаларга чектөөлөр бар. Мындай көрүнүштөрдөн Германия деле жакшы кабардар болсо керек. Сиз немис тарап менен жолугушууларыңызда Кыргызстанда болуп жаткан мындай окуяларды кантип түшүндүрүп жүрөсүз?
Өмүрбек Текебаев: Эми ал жерде айтылган сөздүн баарын ачык айтууга болбойт. Анткени өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбыз бар. Аны ишке ашыруунун түркүн-түмөн инструменттери бар. Анын баары жарыяланбайт. Жарыяланса, анын эффективдүүлүгү, күчү жок болуп калат.
Германияга Орто Азиядан табигый ресурстар керек. Табигый ресурстарды дагы булар «эң керектүү ресурстар» деп, энергоресурстары менен сейрек элементтерди өзүнчө бөлүп айтып атышат. Анткени сейрек металл микроэлектрониканын, санарип технологиялардын базасын түзөт. Энергетика жалпы эле экономиканын негизин түзөт.
Ошол табигый ресурстар, ошонун ичинен энергетикалык, сейрек ресурстар абдан маанилүү. Андан башка Орто Азияда эмгек ресурстары бар. Эмгек ресурстары деле немис экономикасына суу менен абадай керек. Мына ошол саммит убагында кыргыз өкмөтү менен немис өкмөтү «мобилдүүлүк жана миграция» деген келишим декларацияга кол койдук. Ал байкалбай калды. Кыргызстан биринчи кезекте өзүнүн эмгек ресурстарын даярдап, сапатын жогорулатып, анан Германия менен чогуу пайдаланганга келишим түзүлдү.
Мен бир байкоомду айтайын, өзүңүз дагы айттыңыз, жанагы декларацияда «Украина жок го, адам укугу жок го» деп таң калуу менен айтып атасыз. Германияга жанагы ресурстар ушунча керек, регион ушунча маанилүү, пикир келишпеген маселелерди бүгүн күн тартибине койбой турат.
Мурда так эле ошондон баштайт эле: «Ким мененсиң? Орусия мененби? Украина мененби? Бул маселеде кандайсың? Тиги кандай болот?» - деп так айтат эле. Азыр андай радикализм жок. Мен билишимче, байкашымча, кээ бир региондор менен иштөөдө Батышта, ошонун ичинен Германияда, деидеологизация жүрүп жатат. Мурун буларда идеология күчтүү эле. Баягы Советтер Союзундай. «Мындай болбосо, тигиндей болбосо, иштешибиз кыйын, аны жасагыла, муну жасагыла», - деп эле көгөрүп туруп алышат эле. Бүгүн ал бир аз азайган. Ошондуктан жанагы сиз айткан, балким, сиз күткөн маселелер бул учурда кызматташуунун шарттарынын бири катары баса белгиленген жок. Албетте, мындай орусча айтканда, «желательно» деген позицияда айтылды, кайталанды. Бирок сөзсүз деген талап, шарт айтылган жок.
"Азаттык": Орусиянын Украинадагы согушунун тушунда Борбор Азиянын кадыр-баркы өсүп жатканын эске алганда, мындай мамиле убактылуу эмеспи?
Өмүрбек Текебаев: Мен окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн, мындай пардасын алып эле ачык айткым келет. Биринчи кезекте, биз керек болуп атабыз, биздин ресурстар керек болуп атат. Ошого булар көзүн артып, колун сунганы турат, чоң мааниде айтканда. Бир нерсең болсо, сен керек болсоң, "токочтуу бала сүймөнчүк дегендей", кадыр-баркың өсөт. Кадыр-барк жөн эле өспөйт, кандайдыр бир негиз болуш керек. Мына ошондой негиз Орто Азияда бар, геосаясий ресурсу, табигый ресурсу, ошонун ичинен энергетика, сейрек металлдар, эмгек ресурстары — баары бизде бар.
"Азаттык": Мындай шартта эми Кыргызстандын көздөгөнү эмне? Кыргызстан кантип, кайсы кызыкчылыктарын ушундай шартта алдыга сүрөй алат?
Өмүрбек Текебаев: Мен дагы кайра кайталагым келет, муну кайталап туруш керек. Орусия - биздин тарыхый, табигый партнерубуз, анын ордун жакынкы кездерде эч ким ээлей албайт. Бирок бир эле адамдын, керек болсо бир тууганыңдын көзүн карабашың керек. Жүз процент карабашың керек. Ал айтпаса дагы аялы айтат дегендей. Путин айтпаса дагы, Песков же Лавров, болбосо депутаттары айтып коёт. Ошондуктан биз көп өлкөлөр менен иштешибиз керек, биринен алып атканыбызды же берип атканыбызды башка өлкөлөр менен кыла алгандай даражага жетишибиз керек. Бул бизге соода-экономикалык жана саясий көз карандысыздыкты алып келет. Бул, албетте, биздин экономиканын туруктуулугун камсыздайт. Биздин элдин жашоо деңгээлинин өсүшүнө алып келет. Биз реалдуу көз карандысыздыкка жакындайбыз.
Ошондуктан бул шарт Кыргызстан үчүн абдан маанилүү геосаясий кырдаал, мындан биз пайдаланышыбыз керек. Пайдаланыш керек деген бул туура эле сөз. Соодада достук жок дегендей, эл аралык мамилелер так ушундай өнүгөт экен. Пайдаланыш керек деп болгонун ачык айтып жатам. Дипломат бир аз жымсалдап айтыш керек эле. Бирок мен биринчи кезекте мугалиммин, угармандар, көрөрмандар, түз түшүнсүн, аларга болуп аткан процесстерди, анын механизмдерин ачык көргөзөйүн деген каалоо менде үстөмдүк кылгандыктан, кээде мындай ачык айтып коюп атам.
"Азаттык": Эми сөз соңунда бир биздин көп көрөрмандарыбызды кызыктырып жүргөн суроону бере кетейин. Сиз кыргызстандыктарды Германияда жумушка орноштуруу боюнча макулдашуулар да болгонун айтып кеттиңиз. Кыргыз адистерин Европада, анын ичинен Германияда ишке орноштуруу боюнча бир жыл мурда да бир меморандумга кол коюлганы кабарланган эле. Ушул багытта кандай конкреттүү жыйынтыктар, иштер болуп атат?
Өмүрбек Текебаев: Биз азыр федералдык деңгээлде үч келишимге кол койдук. Үчөө тең азырынча меморандум, декларация гана. Ушулардын негизинде жакында Комплекстүү миграция программасы деген келишим кабыл алынат. Бул Кыргызстанда адистерди чогуу даярдап, немис тилин үйрөтүп, Германиядан аларга жумуш таап бергенге шарт түзөт. Сиз айткан үч келишим түз иштебегени менен, бул немис ишкерлерине сигнал болду. Кыргызстан - ушул Германия эмгек ресурстары багытында артыкчылык берген жети-он өлкөнүн бири. Ошондуктан кыргызстандык жаштар Германияга көп келе башташына шарт түзүлдү. Бул бизнесмендерге, консулдук кызматтарга сигнал.
Биз жанагы келишимдерге өтсөк, регионалдык өкмөттөр менен биздин ишканалар түз иштей баштаса, чоң-чоң компаниялар менен кызматташа баштаса, анда эмгек ресурсуна жол ачылат. Менимче, биздин максат, элчиликтин милдети — Германиянын эмгек рыногун ачуу. Азыр эшиги бир аз ачыла баштады. Германиянын экономика-соода рыногун ачышыбыз керек.
Биз ВСП+ дегенибиз менен, товарларыбыз бул жакка келген жок. Германияга биздин кызматтарды экспорт кылышыбыз керек. Азыр Кыргызстандагы IT тармагын билген балдар-кыздар Германиядан буюртма алып, ошол жакта туруп эле иштеп жатат.
Колубузда бар ресурсубуз - бул тигүү тармагы. Тигүү тармагында адистер бар, технологиялар дагы бар, жумушчулар дагы бар. Алардын баарын Германияга алып келбей эле, Германиядагы буюмдарды Кыргызстанга берип, даяр кийим, буюмдарды Германияга алып келип сатышса, кызмат, товар экспорттолгон болот.
Мен өткөндө бир кайрылуу кылдым. «Кыргызды тентиттиңер, эмне үчүн Европага, Германияга алып барып атасыңар?», - деп көбү айтат. Идеалында Кыргызстанда жумуш орундарын ачып, бүт кыргызстандыктарды өз жерибизде кармашыбыз керек. Бирок бул Кыргызстандагы эле эмес, региондогу демографиялык жагдай. Калкыбыз тездик менен өсүп жатат. Азыр экономика баарын жумуш менен камсыз кыла албайт. Эмгек ресурстарын экспорттоо, тилекке каршы, жакынкы жылдары сөзсүз болот. Ошонун баарын эле Орусияга жөнөтпөсө болот. Азыр миллион эмгек мигранттары Орусияда жүрөт. Бул жумушка жарамдуу үч миллион калктын үчтөн бири.
Мен алдыда айттым. Бүгүн заманда «бирөөдөн көз каранды болбо» деген эреже пайда болду. Эгер ошол эрежеден чыгып, Орусиядагы мигранттардын санын миллион эмес, мисалы, үч жүз миңге түшүрүп, калганын башка өнүккөн өлкөлөргө жайгаштырсак, бир өлкөдөн көз карандылыгыбыз азаят. Ошон үчүн Европага эмгек рыногуна жол ачуу – бул биздин саясий көз карандысыздыгыбызды, эркиндигибизди бекемдөөнүн шарттарынын бири деп эсептейм.
Мен дагы айтам, муну дипломат катары мен айтпашым керек. Бирок мен мугалим катары, элге түшүнүктүү болсун деп, балп эттирип ачыгыраак айтып коюп атам.
"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат!