ЖК: маркумду узатуу иштерин тескеген мыйзам долбоорун карады

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 5-октябрдагы жыйынында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, аны жактырды. Эми экинчи окууга айтылган сунуштар менен толукталып, кайра талкууга коюлат.

Документтин автору, депутат Марлен Маматалиев анда баяндама жасап, маркумду акыркы сапарга узатуудагы чыгым-түйшүктү, коррупцияны азайтуу максатында сунушталып жатканын билдирди.

"Азыр биз адамдын өлгөнү тууралуу маалымкатты дароо берсин деп жатабыз. Эгер анын өлгөнү тууралуу маселе, доомат жаралган болсо, экспертизалардын негизинде экинчи маалымкатты күч органдары бере берсин, биринчи маалымкат дароо берилсин деп жатабыз. Себеби ушул жерде дагы коррупция болуп келген. Экинчи маселе - бул көрдүн өзү. Бишкек шаарында көр 40 миң сомго чейин сатылып келген учурлар, атайын мафия болгон. Анан маркум өлсө анын туугандары жанындагы жерлерди башка туугандары үчүн ээлеп койгон, акча берген көрүнүш болгон. Биз азыр мыйзам менен маркумдун сөөгү коюлган жердин жанына дагы бир эле жакын тууганына, үй-бүлө мүчөсүнө жер ээлеп коюуга уруксат берилсин деп жатабыз".

Мыйзам долбоордо ошондой эле багар-көрөрү жок, жакыр адамдар каза болгондо акыркы сапарга узатууга кеткен чыгымды мамлекет төлөп берүүгө милдеттендирген дагы жазылган.

Талкууда көр сатуу, ага баргандарды, жол бергендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелери дагы көтөрүлдү.

"Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев Бишкектеги көр сатуу тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен кимдер жоопко тартылганы тууралуу сурады. Ал бул маселени беш жылдын ичинде ушуну үчүнчү жолу көтөрүп жатканын айтып, күч органдарынан маалымат берүүнү талап кылды.

Бишкектеги көр сатуу фактылары тууралуу Уланбек Эгизбаев иликтөөсүнүн негизинде 2019-жылы кылмыш иши козголгон.

Тергөө жүргүзгөн ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иш эмне болуп аяктаганы жөнүндө маалымат берген эмес.

Эгизбаевдин коомдо резонанс жараткан "Көрүстөндөгү коррупция" берүүсү эфирге 2018-жылы 30-майда чыккан. Анда аталган көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Дагы караңыз

Салык кызматы мүлк сатуудан алынган салык жөнүндө түшүндүрмө берди Кыргызстанда кызылча жуккан балдардын саны 2400дөн ашты УКМК: Таласта Көлбаевдин тобунун "Тайсон" аттуу мүчөсү кармалды Байдендин администрациясы Мексика менен чек арага дубал курууну улантат