Салык кызматы мүлк сатуудан түшкөн кирешеден 10% өлчөмүндө алынган салыктын эрежелери тууралуу түшүндүрмө берди.
Ага ылайык, мындай салык батир, үй, жана унаа өңдүү мүлктү сатып алгандар бир жылга жетпей эле кайра сатса салынары белгиленген.
"Эгер менчигиндеги мүлк сатып алгандан кийин бир жылдан кийин кайра сатылса, анда салык төлөө талап кылынбайт. Мисалга алсак, А.А. аттуу жаран 3 млн сомго батир же унаа сатып алып, бир жылдын ичинде эле кайра 3,5 млн сомго сатса, алынган 500 миң сом кирешенин 50 миң сому салык катары төлөнүшү керек. Эгер ал бир жылдан кийин сатса салык төлөбөйт. Мүлктү бир жылдын ичинде кайра сатуудагы салык алуу жаңы жобо эмес. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында да болгон, бирок 2022-жылга чейин ээлик кылуу мөөнөтү эки жылды түзүп келген, ал эми азыр бул мөөнөт бир жылга кыскарган. Ошондой эле 2022-жылдан баштап жаңы ченем күчүнө кирген, анда киреше салыгы курулушка, жасалгалоого жана оңдоого кеткен чыгымдарды алып салгандан кийин эсептелет (чыгымдарды тастыктаган тиешелүү документтер болгон учурда). Мүлктү кайра сатуудан киреше алган жарандар календардык жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек.",-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында Салык кызматы мүлкүн саткан жарандарга 10% өлчөмүндөгү салык төлөөгө милдеттендирип жатканы тууралуу социалдык тармактарда талаш-талкуу чыккан.