Министрлер кабинети чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда иштешине шарт түзгөн "Санарип көчмөн" (Digital nomad) макамын ыйгаруу тууралуу убактылуу жобонун мөөнөтүн 2024-жылдын 30-июнуна чейин узартты. Бул тууралуу токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Аталган жобо 2022-жылдын 18-августунда кабыл алынган жана мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.
2022-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 600дөн ашуун чет элдик жаран "Санарип көчмөн" макамын алуу үчүн кайрылганы айтылган. Алардын көбү текшерүүдөн өтүп, ушул макамда иштөөгө укук алган.
Мындай макам алгандар Кыргызстанда жашаган жеринде каттоого турбастан, иштөөгө уруксат кагаздары жок виза албастан кирип-чыгышына, жүрүшүнө мүмкүндүк берет. Ошондой эле жеке идентификациялык номер (ЖИН) жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбайт.
Кыргыз өкмөтү быйыл жазында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик жарандарды өлкөгө тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө баштаганын айткан. Эксперттер IT-адистерди Кыргызстанга тартуу өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп жатышат.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын апрелинде "санарип көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүнү көздөй турганы белгиленген. (ErN)
Дагы караңыз
Орусияда саясий туткундар ачкачылык кармап, акция өткөрөтСирияда аскердик академияга жасалган чабуул 100 кишинин өмүрүн алдыОш: лифтте каза болгон кишинин өлүмүн милиция иликтеп жатат