Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Орусияда саясий туткундар ачкачылык кармап, акция өткөрөт


Орус оппозциячыл саясатчысы Алексей Навальный сотто.
Орус оппозциячыл саясатчысы Алексей Навальный сотто.

Орусияда түрмөдө отурган, саясий туткун деп таанылган бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер 30-октябрда бир күнгө ачкачылык кармай турганын билдирип, каалоочулардын баарын бул акцияга кошулууга чакырышты.

Кайрылуунун тексти Алексей Навальныйдын сайтына жарыяланды.

Ага "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" негиздөөчүсүнөн тышкары Илья Яшин, Владимир Кара-Мурза, Лилия Чанышева, Даниэль Холодный жана Вадим Останин кол койгон.

Анда белгиленгендей, акциянын демилгечилери 30-октябрга "Саясий туткундардын күнү" деген мурдагы аталышын кайтарууну каалашат. Азыр бул күнү Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет.

Кайрылуунун авторлору белгилегендей, бул күндүн тарыхы 1974-жылдын 30-октябрына барып такалат. Анда советтик саясий туткундар Кронид Любарский менен Алексей Мурженко жакындары менен кеңири кат алмашып, жолугуп, медициналык тейлөө менен камсыз болууну талап кылып бир күндүк ачарчылык жарыялашкан.

2021-жылдын жазында Алексей Навальный татыктуу медициналык тейлөөнү талап кылып бир нече жума ачкачылык кармаган.

XS
SM
MD
LG