Орусияда саясий туткундар ачкачылык кармап, акция өткөрөт

Орус оппозциячыл саясатчысы Алексей Навальный сотто.

Орусияда түрмөдө отурган, саясий туткун деп таанылган бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер 30-октябрда бир күнгө ачкачылык кармай турганын билдирип, каалоочулардын баарын бул акцияга кошулууга чакырышты.

Кайрылуунун тексти Алексей Навальныйдын сайтына жарыяланды.

Ага "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" негиздөөчүсүнөн тышкары Илья Яшин, Владимир Кара-Мурза, Лилия Чанышева, Даниэль Холодный жана Вадим Останин кол койгон.

Анда белгиленгендей, акциянын демилгечилери 30-октябрга "Саясий туткундардын күнү" деген мурдагы аталышын кайтарууну каалашат. Азыр бул күнү Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет.

Кайрылуунун авторлору белгилегендей, бул күндүн тарыхы 1974-жылдын 30-октябрына барып такалат. Анда советтик саясий туткундар Кронид Любарский менен Алексей Мурженко жакындары менен кеңири кат алмашып, жолугуп, медициналык тейлөө менен камсыз болууну талап кылып бир күндүк ачарчылык жарыялашкан.

2021-жылдын жазында Алексей Навальный татыктуу медициналык тейлөөнү талап кылып бир нече жума ачкачылык кармаган.

Дагы караңыз

Сирияда аскердик академияга жасалган чабуул 100 кишинин өмүрүн алдыОш: лифтте каза болгон кишинин өлүмүн милиция иликтеп жататХарьковдо 20дан ашуун киши жарадар болду