Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:29

Харьковдо 20дан ашуун киши жарадар болду


Орусиянын армиясы Харьковго жасаган аба чабуулунун кесепети. 6-октябрь, 2023-жыл.
Орусиянын армиясы Харьковго жасаган аба чабуулунун кесепети. 6-октябрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы Украинанын Харьков шаарына 6-октябрь күнү эртең менен жасаган соккудан бир бала мүрт кетти.

Жараат алгандардын саны 20дан ашканын Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Ал Харьковго эки ракета, алдын ала маалыматтарга караганда “Искандерлер” менен сокку урулганын кошумчалады. Ракеталардын бири үч кабаттуу үйгө тийип, өрт тутанган.

Калаа мэри Игорь Терехов соккулар “жарандык объектилерге гана” урулганын билдирди. Жабыркагандар арасында 11 айлык наристе бар. Урандыларды тазалоо иштери уланууда.

Украин куралдуу күчтөрү билдиргендей, 6-октябрга караган түнү Орусия өлкө аймагына 33 дрон менен чабуул койгон. Алардын 25и Одесса, Николаев, Харьков, Днепропетровск, Черкасск жана Житомир облустарында абадан атып түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG