Сириянын Хомс шаарындагы аскердик академияга учкучсуз аппараттар менен жасалган чабуулдан кеминде 100 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Al Jazeera жана Reuters агенттиктери жазды.
Сириянын Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин 80 киши мүрт кеткенин, арасында алты аял жана алты бала бар экенин билдирген. Жабыркагандардын саны 300гө чамалаганы кабарланууда.
Би-Би-Синин орус кызматы Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары байкоо салган борборго таянып, жүздөн ашуун киши мүрт кеткенин жана 125тен ашуун адам жабыркаганын жазды.
Окуя 5-октябрда академиянын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземинде болгон. Ал салтанатка катышып жаткан коргоо министри Али Махмуд Аббас чабуулдан бир нече мүнөт мурда чыгып кеткен.
Сириянын Коргоо министрлиги билдиргендей, дрон чабуулунун артында "террордук топтор" турат. Мекеме кайсы бир кыймылды атаган жок. Азырынча бир да топ кол салуу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна ала элек.
Сирияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Гейр Педерсен тараптарды сабырдуулукка чакырды.
Дагы караңыз
Ош: лифтте каза болгон кишинин өлүмүн милиция иликтеп жататХарьковдо 20дан ашуун киши жарадар болду Путин: Пригожиндин учагында өлгөндөрдүн денесинен граната сыныгы чыкты