Ош: лифтте каза болгон кишинин өлүмүн милиция иликтеп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн лифтинде бир адамдын кантип каза тапканын милиция иликтеп жатат. Буга байланыштуу кылмыш иши козголорун Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 6-октябрда “Азаттыкка” билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун эки айдан бери ошол көп кабаттуу үйдүн лифтин оңдоп иштеп жүргөнү аныкталган. Ал Кара-Суу районунун Кыргыз-Кыштак айылынын 1984-жылы туулган тургуну болгон.

4-октябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифтте бир адамдын каза болгону тууралуу маалымат тараган. Ош шаардык милициясы кийин бул маалыматты ырастап, каза болгон кишинин сөөгү үйдүн жер төлөсүнөн табылганын билдирген.

Тийиштүү экспертизалар дайындалып, үйгө орнотулган камерадан видеолор алынган.

Кыргызстанда лифттеги кырсыктан каза тапкан учурлар буга чейин да болгон.

Быйыл май айында Бишкектин “Туңгуч” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну лифтке камалып калгандан кийин жүрөгү кармап каза тапкан.

Былтыр январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт күтүүсүз иштеп кеткенде, ага бешик арабадагы баласы менен кирип бараткан 38 жаштагы киши кыпчылып калып, өлүмгө дуушар болгон.

2018-жылы Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза тапкан.

Дагы караңыз

Аба ырайы: жаан жаайтСалык кызматы мүлк сатуудан алынган салык жөнүндө түшүндүрмө берди "Клооп Медианын" ишине байланыштуу сот 23-октябрда уланатКыргызстанда кызылча жуккан балдардын саны 2400дөн ашты