9-13-октябрь күндөрү Балыкчыдагы "Эдельвейс" аскердик машыгуу базасында Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн “Бузулгус боордоштук-2023” деп аталган машыгуусу өтөт.
Машыгуу "Тынчтыкты сактоочу операцияны даярдоо жана жүргүзүү" деп аталып, өздүк курамдардын тажрыйбасын өркүндөтүүнү көздөйт.
Бул тууралуу Башкы штаб кабарлады.
ЖККУнун буга чейинки аскердик машыгуусу сентябрдын башында Беларуста өттү.
Кыргызстан уюмдун былтыр күзүндө Тажикстанда өткөн аскердик машыгууларына катышкан эмес. Ошондой эле аскердик машыгууларды өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. Буга былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу негиз болгону кабарланган.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.(ZKo)
Дагы караңыз
Октябрь окуяларына үч жыл: Эмне өзгөрдү?CNN: АКШ Ирандын колго түшүрүлгөн куралдарын Украинага берет2030-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты үч мамлекетте өтөт"Өзүң күнөөлүүсүң". Ыдык көргөн кыз шектүүнүн басымына даттанды