Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:34

CNN: АКШ Ирандын колго түшүрүлгөн куралдарын Украинага берет


Йеменга жөнөтүлгөндө колго түшүрүлгөн куралдар.
Йеменга жөнөтүлгөндө колго түшүрүлгөн куралдар.

АКШ Ирандын колго түшүрүлгөн миңдеген курал-жаракты жана ок-дарыларды Украинага жеткирүүдө. Бул тууралуу CNN телеканалы Вашингтондун расмий өкүлдөрүнө таянып билдирди.

АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматына караганда, 2-октябрда Киевге Иранда чыгарылган миллиондон ашык патрон жөнөткөн.

Быйыл июлда АКШнын Юстиция министрлиги Иран америкалык аскерлер колго түшүргөн "9 миң ок атуучу куралды, 284 пулемётту, 194 гранатометту, 70тен ашык танкка каршы башкарылуучу ракеталарды жана 700 миңден ашык ок-дарыларды" мыйзамдаштырууга аракет кылып жатканын билдирген. АКШ өкмөтү Юстиция министрлигинин чечими менен конфискацияланган ок-дарыларды жана курал-жарактарды өзүнө алуу укугуна ээ болгон.

CNN телеканалы Ак үй АКШнын Жакынкы Чыгыштагы Борбордук командачылыгынын объектилеринде сакталган курал-жарактарды Украинага мыйзамдуу түрдө жеткирүү маселесин бир нече айдан бери талкуулап жатканын билдирди.

Акыркы бир жыл аралыгында АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү Йеменге бараткан ирандык кемелерден кеминде миң автомат жана миллиондон ашык ок-дарыны да колго түшүргөн.

XS
SM
MD
LG