Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл кирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилгенин билдирди. Ага ылайык, мындай чара үч айга чейин созулмакчы.

"Мындай буйрук 3-октябрда социалдык жактан маанилүү өнүм болгон нан жана дан азыктарынын баасынын кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн Министрлер кабинетинин 8-сентябрдагы токтомуна ылайык, Монополияны жөнгө салуу кызматынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды",- деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар нандын кымбатташы тууралуу маселе көтөрүп, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырган.

Анда Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү жагдайды казак унунун баасы көтөрүлгөнү, коңшу мамлекеттен келген ундун көлөмү азайганы менен түшүндүргөн.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ун-нан кымбаттаганы тууралуу маалыматты жокко чыгарган. Ал Фейсбуктагы баракчасына өкмөт кошумча чараларды көрүп жатканын жазган.

"Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп "хайп" кармаган депутаттарга айтарым: баа көтөрүлбөйт, мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура, казактардын унунун баасы көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт. Жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн, себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет",-деген Ташиев.

Март айында Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

Дагы караңыз

Ташиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты "Алтуха" аттуу кримтоптун мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты Министр Максүтов спектакль жөнүндө талаш-талкууларга комментарий берди ЖК: Алимжанов тууралуу комиссия түзүү сунушу күн тартибинен алынды Грозныйда Куранды өрттөөгө шектүү Никита Журавлдин иши сотко өттү ЖК чокуларга Абдулазиз падыша менен шейх Нахаяндын атын берүүнү колдоду