6-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу аймактарда карга айланат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22 градус жылыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кечке жуук жаан жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° жылуу болот.
Дагы караңыз
Ташиев кримтөбөл Көлбаевдин өлтүрүлүшү тууралуу үн каттыБишкек: Атайын операцияда Камчы Көлбаев жок кылынды Кадыровду сындаган чечен активисти Кыргызстандан депортацияланат ЖК эркек-аялдын тең укуктуулугу жөнүндөгү мыйзамды четке какты Бишкекте көчөнүн аталышын өзгөртүүгө мораторий жарыяланды