Жогорку Кеңеш 5-октябрдагы жыйынында Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы чокуларга Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) шейхи Заид бин Султан Аль Нахаян менен Сауд Арабиясынын падышасы Абдулазиздин атын ыйгаруу тууралуу мыйзам долбоорлорду үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, Нахаяндын аты Ак-Шыйрактагы №354 мөңгүгө, ал эми "Падыша Абдулазиз" деген ысым № 331 аты жок мөңгүгө ыйгарылат.
Документ буга чейин биринчи окууда каралып жаткан маалда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров баштаган бир катар депутаттар мөңгүлөргө Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын аты ыйгарылбай, чет өлкөлүк лидерлердин ысымы берилип жатканын сындаган.
Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров кыргыз мөңгүсүнө шейх Аль-Нахаяндын ысымын берүү тууралуу чечим кабыл алган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына мындай чечим эки өлкөнүн алака-катышын чыңдоо максатында кабыл алынганын билдирген.
2021-жылы "Азаттыктын" журналисттери Кумтөр алтын кенине жакын жайгашкан 354-мөңгүгө чыгып, муз катмары кантип азайып баратканын тартып келген.
Буга чейин Бишкек шаарындагы Максим Горький көчөсүн шейх Заид бин Султан Аль Нахаян көчөсү деп өзгөртүү маселеси көтөрүлгөнү белгилүү болгон. Ушул жылдын апрель айында шаардык башкы архитектура мекемесинин басма сөз кызматы бул маселени тиешелүү органдар талкуулап жатканын маалымдаган.
Заид ибн Султан Аль Нахайян – Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти (1971-2004), Абу-Дабинин 17-эмири (1966-2004).
Дагы караңыз
Кадыровду сындаган чечен активисти Кыргызстандан депортацияланат Грозныйда Куранды өрттөөгө шектүү Никита Журавлдин иши сотко өттү ЖК: Алимжанов тууралуу комиссия түзүү сунушу күн тартибинен алынды Министр Максүтов спектакль жөнүндө талаш-талкууларга комментарий берди "Алтуха" аттуу кримтоптун мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты