Politico Тоолуу Карабак боюнча жашыруун жолугушуу өткөнүн маалымдады

Тоолуу Карабактан көчүп кетип жаткан армяндардын автоунаалары.

Орусия, АКШ жана Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлдөрү Азербайжандын Тоолуу Карабактагы аскерий операциясынын алдында жашыруун сүйлөшүү жүргүзгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Politico талкуулар менен тааныш дипломатка таянып кабарлады. Жолугушуу 17-сентябрда Стамбулда өткөнү айтылууда.

Politico ырастагандай, ага Орусиянын президентинин Армения менен Азербайжандын алакалары боюнча атайын өкүлү Игорь Ховаев, Вашингтондун Кавказдагы сүйлөшүүлөр боюнча улук кеңешчиси Луи Боно, Евробиримдиктин аймак боюнча өкүлү Тойво Клаара катышкан.

Басылма бул жолугушууну Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн коопсуздук темасында сейрек кездешүүчү жогорку деңгээлдеги байланышы деп атады. Орусия менен Украинанын ортосунда согуш башталгандан кийин мындай байланыштар үзүлгөн.

Евробиримдиктин өкүлү муну "түшүнбөстүктөрдү жаратпоо үчүн Кремлдин тиешелүү өкүлдөрү менен байланыш каналдарын сактап калуу маанилүү" экени менен түшүндүргөнүн белгилейт басылма.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү бул жеке дипломатиялык талкуу болгонун белгилеп, башка комментарий бербеди. Ошол эле маалда америкалык расмий өкүлдөрдүн бири Politico менен болгон маегинде Москва дагы эле Карабактагы кырдаалды көзөмөлдөп турганын, ошондуктан Батыш орус тарап менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк алышы керектигин айткан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Politico басылмасындагы маалыматты бышыктады, бирок макалада көптөгөн так эместиктер бар экенин белгиледи.

Калкынын көбүнүн этникалык армяндар түзгөн Тоолуу Карабак эл аралык укук боюнча Азербайжандын бир бөлүгү деп эсептелет. Талаштуу аймакта ондогон жылдар бою ар кыл кагылышуулар болду.

Быйыл 19-сентябрда Баку Тоолуу Карабакта антитеррордук операция баштаган. Жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрда Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз жолдогон.

Азери өкмөтү Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январында жоюу тууралуу буйрукка кол койгон.

Дагы караңыз

Бишкек: Атайын операцияда Камчы Көлбаев жок кылынды УКМК Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынганын ырастады Аннексияланган Крымдагы орус күчтөрүнө чабуул коюлганы кабарландыРамзан Кадыров кызына "Эл артисти" наамын бердиАлиев Пашинян менен Испанияда жолугушуудан баш тартты