Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:23

Рамзан Кадыров кызына "Эл артисти" наамын берди


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 24 жаштагы кызы Айшатка "Эл артисти" наамын ыйгарды. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазды.

Апта башында Айшат Кадырова жумурияттын вице-премьерлик кызматына көрсөтүлүп, аны атасы кубаттаган.

Айшат Кадырова Чеченстандын маданият министри болуп 2021-жылдын октябрында дайындалган. Ага чейин бир жыл маданият министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Кремлдин ишенимдүү кишиси катары сыпатталган Рамзан Кадыровго жана анын кызына АКШ, Евробиримдик, Жапония санкция салган.

Айшат Кадырова буга чейин Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын, бир катар медалдарды алган. Ошондой эле Чеченстандын эң жогорку сыйлыгы – Кадыров ордени менен сыйланган.

Рамзан Кадыровдун ондогон жакындары Чеченстанда белгилүү мамлекеттик кызматтарды аркалашат. 2018-жылы Би-Би-Синин орус кызматы 158 ири чиновниктин 30% анын туугандары экенин эсептеп чыккан.

Айшат Кадырованын жолдошу Висхан Мацуев быйыл июлда вице-премьер-министр жана айыл чарба министри болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG