Сокулукта өспүрүмдү урган деп шек саналган эки адам кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Сокулук районунда 16 жаштагы өспүрүмдү сабаган деген шек менен эки адам кармалды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, райондук милицияга 29-сентябрда Б.С. аттуу жаран өспүрүм уулу сабалганы тууралуу милицияга кайрылган. Анда “Б” аттуу жаранды, анын уулуна жана дагы аты-жөнү белгисиз дагы бир адамды айыптап, аларга чара көрүүнү суранган.

"Бул факт Сокулук милициясына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталган. Анын алкагында кылмышка шек саналып 1959-жылы туулган М.Э. менен 1964-жылы туулган М.К. кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Сокулук милициясы талаш-тартыш эмнеден улам чыкканын тактаган жок. Кармалган жарандардын жакындары жана туугандары дагы комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Венецияда автобус көпүрөдөн кулап, 20дан ашык жүргүнчү мерт болду АКШда Өкүлдөр палатасы спикер Кевин Маккартини отставкага кетирди Бишкек мэри кийинки эки жылда шаар толук газдаштырыларын айтты Түндүк-түштүк кошумча жолуна түшкөн таш тазаланып жатат Литва Украинадан дан ташуу үчүн Балтика деңизинен коридор ачты Кемпир-Абад иши: сот жараяны ачык өтүшүн талап кылгандар акцияга чыктыАзери медиасы Тоолуу Карабактын үч экс-президенти кармалганын жазды Шакиев баштаган депутаттар тобу Беларуска иш сапар менен кетти