Италиянын Венеция шаарында көпүрөдөн жүргүнчү ташыган автобус кулап түшүп, бери дегенде 21 адам мерт болуп, дагы 15 киши жараат алды,
ANSA агенттиги кырсык 3-октябрда кечинде, шаардын Местре кварталында болгонун, автобус он метр бийиктиктеги көпүрөдөн кулап, темир жолдун үстүнө түшкөнүн жазды.
Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат, шаар мэри Луиджи Бруньяро окуяны "чоң трагедия" деп сыпаттады.
"19 адам кырсык болгон жерде мерт болуп, эки киши ооруканада үзүлдү. Жараат алгандардын айырмдарынын абалы оор",-деди мэр.
Кырсыктын себеби тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Венеция аймагынын губернатору журналисттерге набыт болгондордун арасында италиялыктардан сырткары чет өлкөлүктөр дагы бар экенин билдирди. Жергиликтүү Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда каргашада каза тапкандардын арасында украин жарандары да бар.
Дагы караңыз
АКШда Өкүлдөр палатасы спикер Кевин Маккартини отставкага кетирди Бишкек мэри кийинки эки жылда шаар толук газдаштырыларын айтты Түндүк-түштүк кошумча жолуна түшкөн таш тазаланып жатат Литва Украинадан дан ташуу үчүн Балтика деңизинен коридор ачты Кемпир-Абад иши: сот жараяны ачык өтүшүн талап кылгандар акцияга чыктыАзери медиасы Тоолуу Карабактын үч экс-президенти кармалганын жазды Шакиев баштаган депутаттар тобу Беларуска иш сапар менен кетти