Армения Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялады.
Документке 1998-жылдын 17-июлунда кол коюлган, бирок 2004-жылы Армениянын Конституциялык соту статутту Баш мыйзамга каршы келет деп тапкан. 2020-жылы Тоолуу Карабактагы согуштан кийин Армения өкмөтү долбоорду кайра талкуулай баштаган.
2023-жылдын мартында Конституциялык сот Рим статуту өлкөнүн Конституциясына шайкеш келет деп жарыялаган.
Ереван документти ратификациялаганда, уставдык нормага ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин Арменияга барса, аны камоого милдеттүү болот.
Москва Армениянын эл аралык келишимге кошулуусу эки тараптуу мамилелерге терс таасирин тийгизерин эскерткен.
2023-жылдын март айында Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди жана балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген. Буга украиналык балдарды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүү негиз болгон.
Кыргызстанда Рим статутун ратификациялоо демилгесинин алкагында иштер жүрүп жатканы айтылат. Тажикстан ратификациялаган.
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасы: Жаңы протокол бардык маселени чечеби? Физика боюнча Нобел сыйлыгы электронду, жарыкты изилдеген илимпоздорго берилди Аскарбек Жаныбеков: Тоют даярдоонун жаңы ыкмасына өтүү керек