АКШда мурдагы президент Дональд Трамптын бизнес империясына чоң сокку урары айтылган иш Манхеттен сотунда 2-октябрда карала баштады. Анын күнөөлүү экени тастыкталса, 250 миллион доллар айыппул төлөп, Нью-Йорк штатында бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат. Эл аралык маалымат каражаттары Трамптын активдеринин көбү ушул штатта экенин жазышты.
Өткөн аптада Нью-Йорк штатынын судьясы Артур Энгорон "Трамптын үй-бүлөсүнүн алдамчылыгы далилденди" деген өкүм чыгарган. Дүйшөмбүдө башталган сотто иштин маңызы каралууда.
Трампка каршы доо арызды былтыр сентябрда Нью-Йорктун башкы прокурору Летициа Жеймс жазган. Ал The Trump Organization компаниясы "насыя жана камсыздандыруу боюнча жеңилдиктерди алуу үчүн каржы органдарын он жыл бою алдаган" деп айыптаган.
Трамптын каршылаштары Манхэттендеги сот имаратынын алдына чогулуп, ага ылайыктуу жаза берүүнү талап кылышты. Алар "Калптын кесепети бар" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту.
Экс-президентке буга чейин үч кылмыш ишине байланыштуу айыбы угузулган. Анда Трамп соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга, жашыруун документтерди мыйзамсыз сактап турууга жана порнографиялык тасмаларга тартылган актриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн акча берүүгө байланыштуу күнөөлөнгөн.
2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трамптын штабы айыптоолорду “Башкы прокуратуранын шайлоо жараянына таасир этүү аракети” деп атаган.
Дагы караңыз
Бишкекте кол салууга кабылган орусиялык ишкер камалды Түркия: күрд согушкерлерине катышы бар деген негизде 150дөй киши кармалдыТашиев менен Ятимов соңку протокол чек ара маселесин чече турганын айттыЧеченстанда вице-премьерликке Рамзан Кадыровдун кызы сунушталды