Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар жаайт

3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү температурасы 21…23 градус болот.

Дагы караңыз

Шаардык сот Алимжановдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды Кочкордо Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленип жататБишкекте шаурмага уулангандар 43кө жеттиТүркия Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урду