Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:26

Бишкекте шаурмага уулангандар 43кө жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө шаурмага ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 43кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 2-октябрда “Азаттыкка” билдирди. Уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды. Алардын экөө – балдар. Ооруканага түшкөндөрдүн абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

20 адам медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген.

1-октябрда Бишкектеги Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында жапырт уулануу болгон. Анда жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Саламаттык сактоо министрлиги тамактануучу жайларга 72 миң сом айып пул салып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин алар жабылган.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

XS
SM
MD
LG