Украинадагы согушта өлгөн 33 миң орусиялык жоокердин тек-жайы такталды

Украиналык ыктыярчылар согушта окко учкан орусиялык аскерлердин сөөгүн чогултууда, 8-сентябрь, 2023-жыл.

Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазона" басылмасы Орусия былтыр февралда Украинага каршы согуш ачкандан бери набыт болгон 33 226 орусиялык жоокердин тек-жайын аныктап, тактап чыкты.

Журналисттердин иликтөөсүнө ылайык, алардын 3836сы мобилизацияга тартылгандар. Украина июлда контрчабуул жарыялагандан бери 2448 орус аскери өлгөн, алардын арасында эки генерал жана 11 полковник бар.

Аталган басылмалардын иликтөөчү журналисттери Украинадагы согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтерге, маркумдардын жакындарына таянып, мүрзөлөрдөгү маалыматтарга мониторинг жүргүзүп келет. Алар жоготуулардын так саны мындан 2,5 эсе көп болушу ыктымалдыгын белгилешет.

Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусиянын тарабында салгылашкан жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.

Анда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттары тууралуу жазылган.

Дагы караңыз

Пакистанда эки мечиттеги жардырууда ондогон адам набыт болдуӨКМ машыгуу маалында сиреналар катуу жаңырарын эскертти Тоолуу Карабактан качкандар 100 миңге чамаладыПрезиденттин кеңешчиси тууну өзгөртүүнү колдой турганын билдирдиАктивист Мелис Аспеков кайра камалды