Футзал боюнча мурдагы калыс Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине кирди

Нурдин Букуев.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) футзал боюнча мурдагы калысы, кыргызстандык Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу 29-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатындагы беттештерди эң көп тейлеген калыс болуп рекорд койду. Ал дүйнөлүк төрт мелдеште – Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионатында калыстык кылган.

“Букуев ФИФАнын калысы катары соңку ирет 2021-жылы Литвада өткөн футзал боюнча дүйнө чемпионатында Португалия менен Аргентина ойногон финалдык беттешти тейлеген. Анда чемпион болгон португалиялыктарды сыйлоо учурунда Букуев баштаган калыстар тобу ФИФАнын президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алган”, - деп жазылган маалыматта.

Нурдин Букуев калыстык карьерасын 1996-жылы баштаган. 2006-жылы эл аралык категориядагы арбитр болуп, бир катар улуттук жана клубдук беттештерди тейлеген.

Ал 2013-жылы Азиянын мыкты калысы деп табылган. Ал 2021-жылдан бери Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы болуп иштеп келет. 2022-жылы Букуев “Даңк” медалы менен сыйланган.

Дагы караңыз

Пакистанда диний жыйындагы жардыруу ондон ашык адамдын өмүрүн алдыКыргызстандын Германиядагы элчилигинде “Бала манасчы” айкели орнотулду Кыргызстан казак компаниясын эл аралык арбитражда утуп алдыHRW Олаф Шольцту Борбор Азия лидерлери менен адам укугунун абалын талкуулоого чакырды