Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:56

Пакистанда диний жыйындагы жардыруу ондон ашык адамдын өмүрүн алды


Жардырууда жаракат алгандар Мастунг райондук ооруканасына жеткирилди. 29-сентябрь, 2023-жыл. Пакистан.
Жардырууда жаракат алгандар Мастунг райондук ооруканасына жеткирилди. 29-сентябрь, 2023-жыл. Пакистан.

Пакистандын Белужистан провинциясында Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган жыйында болгон жардыруу кеминде 13 кишинин өмүрүн алды. Жаракат алгандардын саны 50дөн ашты. Белужистан провинциясынын маалымат министри Ян Ачакзай набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал бул тууралуу X социалдык түйүнүнө жазды.

Окуя 29-сентябрда провинциянын борбору Кветта шаарынан 60 чакырым алыстыктагы Мастунг районунда болгон. Белужистан провинциясынын Dawn басылмасы набыт болгондордун саны 30дан ашканын жазды. Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти бир да топ өз мойнуна ала элек.

Пакистандык талибдердин "Техрик-и-Талибан" тобу дароо жардырууну айыптаган билдирүү таратты.

Иран менен чектеш аймакка жакын жайгашкан Белужистан провинциясындагы жардыруулардын көбүнө жоопкерчиликти буга чейин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу алып келген.

XS
SM
MD
LG