"Германия Борбор Азия үчүн геосаясий таймашка киришти"

Штефан Майстер

29-сентябрда Берлинде Германия+Борбор Азия саммити өтөт. Ага Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери катышат. 

Германиянын Тышкы мамилелер боюнча кеңешинин Чыгыш Европа, Орусия жана Борбор Азия боюнча эксперти Штефан Майстер "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Мындан 10 күн мурун чөлкөмдүн лидерлери чогуу АКШнын лидерине жолукту. Ага чейин ушундай форматтагы жолугушуулар Кытайдын, Евробиримдиктин лидерлери менен өткөн. Бул жолку Берлиндеги саммиттин өзгөчөлүгү эмнеде?

- Бул Борбор Азияга, жалпы эле чөлкөмгө карата Европанын саясатындагы, анын ичинде Германиядагы чоң өзгөрүүнү көрсөтөт. Буга Украинадагы согуш түрткү болгону түшүнүктүү, андан улам дагы Германияда Борбор Азия өлкөлөрү менен алака-катышты күчөтүү керек деген көз караш жайылды. Албетте, Германия экономикалык жактан алганда Евробиримдиктеги негизги стратегиялык күч. Андыктан шаркеттин ичинде Берлиндин орду эң салмактуу экенин билебиз.

Аймактагы беш лидердин чогуу жаңы форматта Берлинге келип жатканы маани бере турган окуя. Ал Евробиримдиктин, Германиянын чөлкөмгө болгон геосаясий жана геоэкономикалык кызыкчылыгы артып баратканын айгинелейт.

- Демек, Борбор Азия үчүн геосаясий жана геоэкономикалык кызыкчылыктар таймашына Германия да өз алдынча киришти деп айтсак болобу?

- Арийне ошондой айтсак болот. Геосаясий кызыкчылык дайыма болгон, аны эч ким четке каккан эмес. Эми азыркы кырдаалда Борбор Азияга көңүл көп бурулуп, анын мааниси дагы артып турат. Буга чөлкөмдүн өзүндө дагы башка чоң державалар менен алака-катышты диверсификациялоо кызыкчылыгы артып баратканына көңүл бурдургум келет.

Андыктан, чоң өлкөлөр эле таасирин күчөтүп, же кызыкчылыгы көбөйгөнүн эмес, чөлкөмдөгү лидерлердин Кытай менен Орусиянын аймактагы таасирин баланстоо аракетин көрүп турабыз. Бул чөлкөмдөгү лидерлердин жалпы бир иш-аракетинин натыйжасы деп ойлойм.

Муну Еврошаркет менен Германия дагы жакшы түшүнүп, кызматташтыктын каалгасын кең ачып жатканы алгылыктуу. Евробиримдик, Германия - Борбор Азия стратегиялык мааниге ээ аймак экенин акыры айкын түшүнгөндөй болду. Бул чөлкөм географиялык жактан алыс болгонуна карабай Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен экономикалык кызыкчылыктар, транзит, соодага байланыштуу бир топ маселелерде тыгыз байланышат. Ооба, атаандаштык чоң, ошондой эле алака-катышты күчөтүү аракети да байкалат. Мына ушул маанилүү го.

Дагы караңыз Кыргызстан-Германия: кызматташтык, соода, согуш жана санкция

- Орусия Украинада согуш баштагандан кийин Европа орус газынан баш тартты. Мындай жагдайда Германия энергетикалык ресурстарды алуунун башка жолун издеп, ал үчүн Борбор Азиянга жүз буруп жаткан жокпу? Кара майга бай Казакстандын лидери Берлинге бир күн мурун мамлекеттик сапар менен келди.

- Албетте, немис өкмөтү энергетикалык ресурстарга, оболу көгүлтүр газды алуунун жолдорун диверсификациялоону карап жатат. Кара май эле эмес, газ да маанилүү. Германия, Италия баштаган Евробиримдикке кирген өлкөлөр орус газынан баш тарткан.

Ошол эле маалда Түштүк Кавказ аркылуу Кара деңиз менен Европага жол ачкан Транс-Каспий кууру тууралуу талкуулар кызыды. Казакстан бул жерде өтө маанилүү роль ойной турган өлкө. Казакстан мунай эле эмес, газ менен камсыздоодо олуттуу орунда турат.

Евробиримдик үчүн мунай жана түркмөн газы деле кызыгуу жаратат. Ошол эле учурда кен байлыктары жана башка табигый материалдарга келгенде Борбор Азиянын башка өлкөлөрү да маанилүү. Андыктан диверсификациялоо саясатында Борбор Азия Германиянын эң маанилүү өнөктөшү болуп калмакчы.

- Евробиримдик анын ичинде немис бийлиги демократиялык баалуулуктарды, адам укуктарын, сөз эркиндигин, мыйзам үстөмдүгүн урматтайт эмеспи. Борбор Азиянын беш өлкөсүндө тең бул көйгөйлөр терең. 25 жылдан бери бийликте отурган же ойго келбеген чектөөлөрдү киргизип жаткан авторитардык президенттер менен катар отурганда немис лидерлери өздөрүн канчалык ыңгайлуу сезет?

- Эми авторитардык лидерлер менен жолугушуп, бир үстөлдө отуруу канчалык ыңгайлуу же ыңгайсыз экенин мен айта албайм. Бирок азыркы дүйнө өзгөрүп турганда прагматикалык көз караш басымдуулук кылат, авторитардык лидерлер деп, алар менен жолукпай коё албайт. Анткени азыркы биздеги реалдуулук өзү ошондой.

Ошол эле маалда немис бийлиги чөлкөмдүн өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалына байланыштуу сын-пикирин айтпай койбойт. Борбор Азиядагы ошол эле сөз эркиндиги, Интернеттин чектелиши, ой-пикир билдирүү эркиндигине келгенде Берлин активдүү позициясын көрсөтөт деп ишенем. Айрыкча сөз эркиндигине келгенде Берлин өтө эле активдүү, келечекте чечкиндүүлүгүн андан да күчөтөт деп ойлойм.

Мен Кыргызстандагы жана Казакстандагы Евробиримдиктин элчилери менен жолукканда дагы муну байкадым. Еврошаркет чөлкөмдөгү жарандык коомду өнүктүрүүдө эң алдыңкы колдоочулардын бири. Германия анын сап башында турат. Андыктан, мунай, газ жана башка табигый ресурстарды сатып алуу - чөлкөмдөгү адам укуктарына, сөз эркиндигине жана мыйзам үстөмдүгүнө көз жумуп коёт дегенди туюндурбайт.

Бир жагынан биз прагматикалык көз карашта болуп чөлкөмдүн лидерлери менен алака-катышты күчөтөбүз. Экинчи жагынан, жарандык коомго колдоо басаңдабайт. Аймакта ишмердик кеңейген сайын адам укуктарын коргоо багытында жигердүүлүк күчөйт деп ишенели.

Дагы караңыз Борбор Азия-Евробиримдик: геосаясий тиреш, санкциялар маалындагы саммит

- Украинада уруш баштаганы үчүн Батыш Орусияга санкциясын күчөттү. Борбор Азия өлкөлөрү параллел импортту колдонуп, Орусияга тыюу салынган товарды киргизип берип жатканы жашыруун деле болбой калды. Бул маселе Берлинде талкууланабы?

- Сөзсүз. Борбор Азия өлкөлөрүнө санкцияга кирген "Батыштын товары үчүн хаб болбогула" деген басым барган сайын катуулап баратат. Чындап эле муну токтотуу үчүн атайын бир рычагдар зарылбы же жокпу аны мен айта албайм. Ооба, ал өлкөлөрдүн элитасы андан киреше таап жатат. Бул кайсы бир деңгээлде бизнес-модел болуп калды, андан ал мамлекеттер дагы утушка ээ болууда. Чөлкөмдүн өлкөлөрүнө катуу басымды АКШ көрсөтүшү ыктымал. Германиянын канцлери Шольц самитте бул маселени көтөрүп, Берлиндин позициясын так билдирет деп ойлойм.

Менин оюмча Орусия үчүн хаб болууну токтотуу үчүн басымдын башка бир формасы керек. Бирок ошол эле учурда европалык мамлекеттер санкцияларды айланып өткөн жолдорду толук бууп салууга алы жетеринен күмөнүм бар.

- Санкцияларды айланып өтүүнү токтотуу үчүн басымдын башка формаларын колдонуу зарыл дедиңиз. Ал кандай чаралар?

- Бул жерде сөз экинчи даражадагы санкциялар тууралуу, тагырак айтканда Батыштан товар импорттогон Борбор Азиянын өлкөлөрү “кара тизмеге” илинип калышы мүмкүн. “Кара тизмеге” илинген соң заманбап технология, жабдыктар чөлкөмгө эскпорттолбой калат. Ошондой эле андай санкцияларга жеке адамдар, саясий лидерлер илинип калышы да ажеп эмес. Андыктан жазалоочу чаралардын спектри кенен. Маселен, Кавказ өлкөлөрүнө, Армения жана Грузияга каршы андай чаралар киргизилип жатканына күбөбүз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Орусиянын согуш машинесин колдогондорго чара көрөбүз»

- Эми Кыргызстанга келсек, сиз эки апта бою Борбор Азияда жүрүп жаңы эле келипсиз. Бишкектин Бээжин, Москва менен алакасы тыгыз экенин эс алганда кыргыз бийлиги немис өкмөтү менен кызматташууга канчалык кызыкдар экен?

- Мага эми азыр Бишкектеги өкмөттүн Евобиримдик же Германия менен кызматташууга канчалык кызыкдар экенин айтуу кыйын. Алар эмне берсе ошону кабыл алат. Эми бул менин жеке баам.

Ошол эле маалда Орусиянын, Кытайдын инвестициясы коррупциялык схемалар менен келип жатканын, алар өлкөнүн жетекчилигинин айланасына барып такалган учурларды билебиз. Өлкөнүн экономикасы чабал, өкмөт кандай болсо да кирген акчанын агымына кызыкдар. Инвестиция аба-суудай керек. Андыктан Германия, Евробиримдик эмне сунуштаса Бишкек жок дебейт. Бирок ошол эле маалда Кытай менен Орусиянын инвестициясына байланышкан коррупциялык схемалар деле токтобойт шекилдүү.

Кыргызстанга европалык же немис инвестициясынын тартууда дагы бир бөгөт болчу нерсе бул өлкөдө мыйзам үстөмдүгүнүн, инвестициянын да, компаниялардын коопсуздугуна кепилдиктин жоктугу.

Маселен, Казакстанда немис инвесторлору кеңейип, иши илгерилеген маалда болгон мүлкүнөн кол жууп калган. Андыктан, ооба, тобокелдик турса дагы мунай, газ жана кен иштетүү сыяктуу тармактарга гана сырттан инвестиция барып, калган тармактар кароосуз калат. Деги эле дүйнөдөгү авторитардык өлкөлөргө инвестиция салчу компаниялар өтө эле аз.

Инвестициялык климат, анан дагы мыйзам үстөмдүгү кандай гана чет элдик компания болбосун маанилүү. Ал эми чөлкөмдөгү өлкөлөрдө инвестиция тартууга реалдуу шарт түзгөнгө караганда тескерисинче чектөөлөрдү көп көрөбүз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Америка Борбор Азияны бооруна тарта алабы?