Инвесторлордон акча талап кылган деген шектүүлөр эки айга камалды

Кармалган шектүүлөр.

Инвесторлордон опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган үч адам Бишкектеги №1 тергөө абагына 24-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-сентябрда чыгарганын, райондук соттун басма сөз кызматы 28-сентябрда кабарлады.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 25-сентябрда чет элдик жаранды коркутуп 200 миң доллар талап кылган үч адам кармалганын билдирген.

Мунун алдында президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда жогорку даражалуу чиновниктер менен байланышы бар экенин айтып, инвесторлордон опузалап көп суммада акча талап кылган шектүү колго түшкөнүн жарыялаган.

Социалдык тармактын колдонуучулары кармалган адамдардын бири Төлөнбай Нурбаев экенин жазышууда. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Бул иш боюнча 25-сентябрда президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев ИИМде күбө катары маалымат берген. (BTo)

Дагы караңыз

Ташкентке жакын аймактагы кампада катуу жарылуу болдуЖанар Акаев зордуктоо менен соттолгон 88 адам пробация менен чыгып кеткенин айттыАвазбек Аманбеков Азия оюндарында ушу-саньда боюнча коло медал алдыХерсондо жарылуулар болгону кабарландыAmazon АКШнын монополияга каршы мыйзамдарын бузду деп айыпталуудаСелекциядагы зомбулук: Шектүү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кесилди