Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Ташкентке жакын аймактагы кампада катуу жарылуу болду


Жарылуу болгон кампа.
Жарылуу болгон кампа.

28-сентябрга караган түнү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын Курувчилар кичи районунда жайгашкан Inter Logistics компаниясынын кампасында катуу жарылуу болуп өрт чыкты.

Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип жазды. Кырсыктан жапа чеккендер бар экени айтылды.

Социалдык тармактарда жарылуунун видеолору тарап жатат. Жарылуудан улам жакын жердеги батирлердин, дүкөндөрдүн жана башка имараттардын терезелери сынып кеткени айтылууда.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өрттөн жабыркагандар Республикалык медициналык “Тез жардам” борборуна жана анын Ташкент облустук бөлүмүнө жеткирилгенин билдирди. Бирок канча адам жабыркаганы тууралуу маалымат берилген жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG