Селекцияда зомбулук көргөн келиндин абалы тууралуу маалымат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактаган аялга дагы операция жасалат.

Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен билдирди. Ал Инстаграмда зомбулук көргөн келиндин атынан атайын баракча ачып, анын саламаттыгы жөнүндө маалымат берип жатат.

“Тилекке каршы эми кулак жана мурду мурункудай болбойт. Кулак, мурунунун аз эле бөлүгү сакталып калыптыр. Эми дагы операциялар жасалат”, - деп жазды эжеси.

Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Маселе парламентте бир нече жолу көтөрүлдү.

Окуя 20-сентябрда Селекция айылында болгон. 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге алгач сегиз сааттык операция жасалганын айткан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголгон, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков келиндин иши боюнча кеңешме өткөргөндө бычактоого шек саналып кармалган жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону, ал пробация менен бошотулганы белгилүү болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталган. (TSh)

Дагы караңыз

Жыл башынан бери казинодон 46 миллион сом салык түштү