27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жараян болбой калды. Буга сот процесси өтө турган залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болду. Мунун алдында сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган шектүүлөр залдан чыгарылган. Кийинки процесс 4-октябрга дайындалды.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.
Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (BTo/TbA)
Дагы караңыз
Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бердиУКМК кармаган Бишкек шаардык сотунун судьясы камалды“Кумтөр” былтыр 17 тонна 284 кг алтын сатты Иракта үйлөнүү тоюнда чыккан өрттөн жүздөн ашуун киши набыт болдуТоолуу Карабактан Арменияга 28 миңден ашык киши жер которду Кыргыз мазарлары тууралуу эки мультфильм тартылдыНарында жети жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү 12 жылга кесилди