Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:25

Тоолуу Карабактан Арменияга 28 миңден ашык киши жер которду


Тоолуу Карабактагы жикчил аймактан Арменияны көздөй кетип бараткандар.
Тоолуу Карабактагы жикчил аймактан Арменияны көздөй кетип бараткандар.

Соңку маалыматтар боюнча, Тоолуу Карабактын жикчил аймагынан Арменияга жер которууга мажбур болгондор 28 миң кишиден ашты. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы жазды.

Тоолуу Карабактан кеткендердин көбү Армениянын Азербайжан менен чектеш Сюник аймагындагы Горис шаарына токтошууда. Ал жерде качкындарды кабыл алуу борбору ачылды.

Дүйшөмбү күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабактагы армяндар коопсуздугунан чочулап жер которуп жатканын айтышкан.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт. (BTo)

XS
SM
MD
LG