Токтогул ГЭСинде суучул болуп иштеген Түштүк Кореянын жараны каза болду

Токтогул ГЭСи. Фото архивден.

Токтогул ГЭСинде суучул болуп иштеген Түштүк Кореянын жараны каза болду. Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматы боюнча, анын каза тапканы тууралуу маалымат 24-сентябрда түшкөн.

Бул факты Кара-Көл шаардык милициясынын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Текшерүү учурунда 58 жаштагы корей жараны 24-сентябрда суу астында тазалоо иштерин жүргүзүп жатып суудан чыга албай каза болгону аныкталган.

Анын сөөгү чыгарылды. Маркум 2020-жылдан бери Токтогул ГЭСинде суучул болуп иштеп жаткан. (TB)

Дагы караңыз

Тоолуу Карабактагы жарылууда өлгөн 13 адамдын тек-жайы тактала элекАКШ Карабак боюнча эл аралык миссия түзүүнү сунуштадыКүрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгондорго 1 миллион сомдон берилдиАдвокат депутат Мадумаровдун иши тергелип бүткөнүн айттыЖапаровдун коррупцияга шек саналган инисинин абак мөөнөтү узартылды Жаңы-Жердеги калайман мушташ боюнча дагы эки адам кармалды