Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

АКШ Карабак боюнча эл аралык миссия түзүүнү сунуштады


АКШ Тоолуу Карабак боюнча эл аралык миссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер 25-сентябрдагы маалымат жыйында айтты.

"Тоолуу Карабак элинин укуктарын жана коопсуздугун кепилдеген эл аралык миссия болушу керек. Биз бул Азербайжандын билдирүүлөрүнө ылайык ачык-айкындуулукту камсыз кылат деп ишенебиз",- деген ал.

Миллер Карабакта жашаган этностук армяндар өз үйлөрүндө калышы, тынч, татыктуу шарттарда жашашы, алардын укуктары жана коопсуздугу сакталышы керектигин белгиледи.

Ал эми Москва эл аралык миссия түзүү Бакунун макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу АКШ өкүлүнүн сөзүнө комментарий берип жатып орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков айтты.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт.

Дүйшөмбү күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабактагы армяндар коопсуздугунан чоочулап жер которуп кетип жатканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG