Украинанын армиясы Орусиянын Кара деңиз флотуна жасалган чабуулда отуздан ашуун аскер, алардын командири жок кылынганын ырастады.
Расмий кабарга ылайык, аннексияланган Крым жарым аралындагы Севастополь калаасында Орусиянын Кара деңиз флотунун штаб-квартирасына 22-сентябрда урулган соккуда 34 аскер каза тапкан.
Украин армиясы тараткан маалыматта командирдин аты-жөнү айтылган эмес. Орусия бул кызматка 2022-жылдын августунда адмирал Виктор Соколовду дайындаган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга комментарий бере албастыгын 26-сентябрда журналисттерге айтты. Кийинчерээк РИА Новости мамлекеттик маалымат агенттиги тараткан видеодо орусиялык жогорку даражалуу аскер жетекчилеринин жолугушуусу көрсөтүлүп, ага Соколов катышканы кабарланды.
Тараптардын маалыматтарын согуш шартында тактоого мүмкүн эмес.
Дагы караңыз
Тоолуу Карабактагы жарылууда өлгөн 13 адамдын тек-жайы тактала элек"Азандын үнү жай чыгат". Ташкентти түпөйүл кылган дин таасириАКШ Карабак боюнча эл аралык миссия түзүүнү сунуштады