Орусиянын чабуулу украин-румын чек ара бекетинин ишин токтотту

26-сентябрга караган түндөгү кол салуунун кесепети. Одесса.

Орусиянын Одессага жасаган чабуулунан улам Украина менен Румыниянын ортосундагы Орловка-Исакча паромдук өткөрмө пункту ишин токтотту. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Украин куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү бөлүктөрүнүн маалымат борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк билдирди. Маалыматты Румыния тарап да тастыктады.

Расмий маалыматтарда өткөрүү пунктунун ишин турукташтыруу аракети көрүлүп жатканын белгиленген.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер 26-сентябрга караган түнү орус аскерлери аймакты аткылаганын, Измаилдеги портко сокку урулганын айткан. Анын белгилешинче, паромдук өткөрүү пунктунун имараты, кампалар жана 30га жакын жүк ташуучу автоунаа зыян тарткан. Алты жүк ташуучу унаа күйүп кетип, эки айдоочу жабыркаган.

Украина армиясы Орусия учурган 38 жанкечти дрондун 26сынын мизи кайтарылганын билдирген. Москва буга комментарий берген жок.

Румыниянын Коргоо министрлиги Москванын соккусун айыптады.

Дагы караңыз

Орусияда дрон чабуулунан улам жети конуш жарыксыз калды БУУ эксперттери тажик өкмөтүнө жөнөткөн катына жооп күтүүдөДарыга ууланган балдар, Мирзиёеванын "мээрими"Депутат "Бүтүн Кыргызстандын" бардык мүчөлөрүнө куугунтук болуп жатканын айтты