Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Депутат "Бүтүн Кыргызстандын" бардык мүчөлөрүнө куугунтук болуп жатканын айтты


Гуля Кожокулова.
Гуля Кожокулова.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнө куугунтук жүрүп, күч жана сот органдары тандалма мамиле жасап жатышат деген пикирин бүгүн 26-сентябрда Жогорку Кеңештин аталган партиядан өкүлү, депутат Гуля Кожокулова билдирди. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде Кожокулова башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаевадан мамлекеттик чыккынчылык тууралуу ишти ким тергеши керектигин сурады.

Коңкубаева аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергей турганын айтса Кожокулова “Анда эмне үчүн Ички иштер министрлиги тергеп жатат?” деп сурады жана өлкөдө прокурордук көзөмөл жакшы жүргүзүлбөй жатканын айтты.

Башкы прокурордун орун басары Кылмыш-процессуалдык кодекси боюнча андайга жол берилерин айтып, ар бир учур боюнча өзүнчө талданышы керектигин билдирди.

Кожокулова партиялаштарына карата күч органдарынан тандалма мамиле болуп жатат деген пикирин айтты:

“Азыр “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын бардык мүчөлөрү куугунтукталып жатат. 20 киши жоопко тартылды, бул эмне дегени!? Кечээ партиянын жаштар кыймылынын лидери Замирбек Шамшидин уулун камашты. Ишти 8-сентябрда козгоп, айып фактысын 13-сентябрда, митингге чыгып сөз сүйлөгөндөн кийин тагып жатышканы кандай болсун? Мыйзамдар так иштеши зарыл. Мындай тандалма мамиле болбошу керек”.

Партия лидери Адахан Мадумаровду милиция 2-сентябрда кармап кетип, соттун чечими менен ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылды.

Президент Садыр Жапаров ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси талаш жаратып жатканын билдирген жана ага кол коюлгандыгын“чыккынчылык” деп атаган. "“Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү", - деп айткан Жапаров.

Мадумаров өзү ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG