Тоолуу Карабактагы Ханкенди (Степанакерт)-Аскеран жолуна жакын жердеги май кампасындагы жарылууда акыркы маалыматтар боюнча 20 адам набыт болду. Алардын 13үнүн тек-жайы тактала элек. Жабыркагандар 200дөн ашат. Медицина кызматкерлери дагы ондогон кишинин абалы оор экенин билдиришти.
Тоолуу Карабактын акыйкатчысы Гегам Степанян жараат алгандарды тез арада аба аркылуу эвакуациялоо зарылдыгын билдирген. 26-сентябрда Армениядан дарыгерлер тобу тик учакта кырсык болгон жерге кеткени маалымдалды.
Дүйшөмбүдө күйүүчү май кампасындагы жарылуудан кийин ар кандай күйүк алган бейтаптар ооруканаларга түшкөн.
19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт.
Дагы караңыз
Абактагыларга мунапыс берүү мыйзамы парламентте талкууландыЧек арадагы жашоо: Стресстен арылуунун жолу барбы? Азия оюндары: Эрлан Шеров финалга чыкты