Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:50

Абактагыларга мунапыс берүү мыйзамы парламентте талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда абактагыларга мунапыс жарыялоо тууралуу кезектеги мыйзам долбоору бүгүн 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде талкууланып, концепциясы биринчи окууда кабыл алынды.

Баш мыйзамдын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Коргонбай уулу Жусупбек иштеп чыккан. Анын айтымында, бардык тийиштүү мекемелердин оң корутундусу бар, бир гана өкмөттөн корутунду келе элек болууда:

“Министрлер кабинетинен Эдил Байсаловдун корутундусун миңдеген адам күтүп отурганга жол берилбейт экен убактыбыз. Биз комитетке алып чыктык. Акылбек Жапаровдун өзүнө да кайрылдым мен. Ал биз да жөнөтөбүз, карай бергиле деген, келе элек”.

Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообеков корутунду даярдалып жатканын айтты, бирок ал оң болобу же жокпу, жооп бере албай турганын билдирди.

Эгер сунуш үч окууда тең колдоо таап, мыйзамга президент кол койсо, анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон 60 жаштан улуу курактагы эркектер, 55 жаштан ашкан аялдар, I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар, эки же андан көп майда балдары, I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болгондор, анча оор эмес кылмыш үчүн биринчи жолу соттолгондор, жалгыз бой же көп балалуу энелер, жаза мөөнөтү бир жылдан аз калган аялдар менен өспүрүмдөр бошотулат.

Жалпысынан 1986 адам тууралуу сөз болууда.

Жаза аткаруу кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG