Кылмыштуу топтун мүчөсү ишкерлерден акча талап кылган деген шек менен кармалды

Кармалган шектүү.

Кармалган шектүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ишкерлерден опузалап акча талап кылган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Бишкектеги “Дордой” соода комплексинен Ош шаарындагы жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы базарларга жана Өзбекстандын базарларына жүк ташыган айдоочулардан акча алып турган.

Ал кезектеги мыйзамсыз акча чогултуу учурунда кармалган.

Шектүүнүн жашаган жеринде тинткенде, каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтыгы (арааланган сайлуу мылтык) жана диний адабияттар табылган. Шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Азия оюндары: Эрлан Шеров финалга чыкты ЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы доо арызы жарым-жартылай канааттандырылды Кыргыз мазарлары тууралуу эки мультфильм тартылды“Клооп Медианын” иши боюнча соттук угуу 6-октябрга жылдырылдыКулубаев: C5+1 саммиттинде Украинадагы согуш да талкууландыАйбек Жунушалиев ИИМде күбө катары маалымат берди