Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

Кулубаев: C5+1 саммиттинде Украинадагы согуш да талкууланды


Нью-Йоркто өткөн C5+1 саммиттинен тартылган сүрөт.
Нью-Йоркто өткөн C5+1 саммиттинен тартылган сүрөт.

Борбор Азия – АКШ лидерлеринин саммитинде Украинадагы согушка байланышкан маселе дагы талкууланды.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 26-сентябрда “Биринчи радиого” курган маегинде айтты.

“Ооганстан боюнча ар бир мамлекет өз оюн айтты. Бул боюнча АКШнын да өз пикири бар экен. Негизгиси Украинада болуп жаткан согуш боюнча ой бөлүштүк. Борбор Азия мамлекеттери чоң регион катары АКШга кызык экенбиз”, - деди Кулубаев.

Борбор Азия - АКШ же C5+1 форматындагы саммит Нью-Йоркто 19-сентябрда өткөн. Ага АКШнын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Бул саммитти АКШнын президенти Жо Байден “тарыхый учур” деп сыпаттады.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча лидерлердин бирдиктүү билдирүүсү жарыяланып, анда негизинен аймактагы энергетикалык коопсуздук маселелери белгиленген.

Кыргыз бийлиги Орусиянын Украинага каршы согушунда нейтралдуу позицияны карманарын кайталап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG