Борбор Азия – АКШ лидерлеринин саммитинде Украинадагы согушка байланышкан маселе дагы талкууланды.
Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 26-сентябрда “Биринчи радиого” курган маегинде айтты.
“Ооганстан боюнча ар бир мамлекет өз оюн айтты. Бул боюнча АКШнын да өз пикири бар экен. Негизгиси Украинада болуп жаткан согуш боюнча ой бөлүштүк. Борбор Азия мамлекеттери чоң регион катары АКШга кызык экенбиз”, - деди Кулубаев.
Борбор Азия - АКШ же C5+1 форматындагы саммит Нью-Йоркто 19-сентябрда өткөн. Ага АКШнын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери катышкан. Бул саммитти АКШнын президенти Жо Байден “тарыхый учур” деп сыпаттады.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча лидерлердин бирдиктүү билдирүүсү жарыяланып, анда негизинен аймактагы энергетикалык коопсуздук маселелери белгиленген.
Кыргыз бийлиги Орусиянын Украинага каршы согушунда нейтралдуу позицияны карманарын кайталап келет. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкекте Novotel мейманканасында өрт чыктыМосква Пашиняндын сөзү үчүн Ереванга жооп болорун билдирдиКыргыз мазарлары тууралуу эки мультфильм тартылдыТоолуу Карабактан Арменияга көчкөндөр 6500гө жетти Украина Сорокинодогу ок-дары сакталган кампага сокку урду